www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFCнин жетекчиси Дана Уайт  ирландиялык мушкер Макгрегор орто салмакта келишим түзгөнүн ырастады. Беттеш 2020-жылдын 18-январында UFC 246 турниринин алкагында өткөрүлөт.

Макгрегор октагонго акыркы жолу 2018-жылы күзүндө чыккан. Ал эми орто салмакта 2016-жылдан бери чыга элек.

31 жаштагы мушкер октагонго кайтаарын  октябрда Москвада болгон пресс-конференцияда жарыялаган. Ошондой  эле Макгрегор  Хабиб Нурмагомедовдон реванш алгысы келерин да жашырган эмес.

Ал 2018-жылдын октябрь айында UFCнин жеңил салмак категориясында Орусиялык мушкер  Нурмагомедовдон жеңилип калган. Беттештен кийин жаңжал чыгаргандыгы үчүн спорттон алты айга четтетилген Макгрегор — UFCнин эки салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону.

Макгрегордун кезектеги атаандашы Дональд Серроне болот.

 Макгрегордун эсебинде 21 жеңиш, 4 жеңилүү бар. Ал эми 36 жаштагы Серонне жеңиш боюнча UFCнин рекордун кармап турат (23). Анын эсебинде 36 жеңиш, 13 жеңилүү ызасы бар. Серроне UFC уюмунун чемпиондук куруна талапкерлердин бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости