www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын белгилүү медиамагнаты Мирболат Кунбаевдин уулу Айдар Кунбаев Рафаэль Кастро де Мескитта аттуу эркекке үйлөндү. Үйлөнүү тою Лондондогу отелдердин биринде өткөн. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Үйлөнүү тоюндагы видеороликти  жаштар өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн. Ал видеодон үйлөнүүү тою атайын кылдаттык менен даярдалганын көрсөк болот. Кадрларда эки жашты куттуктап келген коноктор, Мирболат Кунбаевдин ата-энеси жана той ээлери. Кадимки эле үйлөнүү тойлордой эки жашка торт да даярдалган. Торт Мирболат менен Рафаэльдин “фигуркалары”менен жасалган. Ошондой эле, оркестр ойноп, эки жаштын биринчи бийи да программага кошулган. 

Коноктордун арасында кичинекей жана өспүрүм балдар да бар. Ушундан улам бул эки жаштын үйлөнүү тою өсүп келе жаткан жаш балдарга кандай тарбия берип жатат деген суроо туулат. 

Белгилей кетсек, Мирболат Кунбаев Казакстанда белгилүү журналист жана медиаменеджер. Ал 1991-жылы Актөбөдө “РИКА ТВ” телеканалын негиздеп, 2002-жылы Наталья Бандроваскаяга саткан. Кийин Астанада “Эра” телеканалын негиздеп, аны да башка бирөөгө сатып салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости