www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мистер Бин сыяктуу өзгөчө кылыктары бар актёр, сценарист Жеңиш мырза кѳргѳн жандын кѳңүлүн көтѳргѳн ѳзгѳчѳ талант. Жашоодо да арамзалыкты билбеген, бала мүнөз, шайыр адам менен болгон маек алдыңызда.

- Жеңиш, жакында эле “Напарниктер 2” тасмасы жарыкка чыкты. Бул тасма мага “Бир тууганчик” тасмасынын уландысындай сезим калтырды...

- “Напарниктер” тасмасындагы персонаждар элге жагып, жакшы кабыл алынган, диалогдору тарап кеткен. Негизи, эл эки тасманын уландыларын сурап жатышкан. Өзүбүзчө анализдеп, мониторинг жүргүзүп көрүп, Аман же Белектин персонажын чыгаруу керектигин түшүндүк. Биз бир рамкага кирип калгандыктан, андан чыгуу да оор болду. Анан да эмне үчүн “Титаник”, “Терминатор” тасмаларынын экинчи бөлүктѳрү тартылбайт? Анткени экинчи бөлүк эч качан биринчисине жетпейт деген тенденция бар. Муну баары билишет. “Бир тууганчик” тасмасын улантсак деле ошондой болмок. Андыктан калп эле тасманын атын бузбайлы дедик. “Напарниктер 2” тасмасы биринчиге караганда техникалык, профессионалдык, экшн жагынан эки-үч эсе жакшы болду. Сценарий бири-бирине уйкашып, структурасы туура жазылды. Эл бир дем менен отуруп көрдү.

- Биринчи бѳлүктү улантуу үчүн токтоосуз тандалып алынсаңыз керек?

- Тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов өзү кошо тартыларын айтканда дароо макул болдум. Себеби Бакыт байке менен иштешкенде жарым сөздөн түшүнөсүң, тартуу аянтчасында импровизациялар чыгып, өзүнөн-өзү эле күтүлбөгөн нерселер жарала берет.

- Байкашымча, каскадёрдун кызматын кенен пайдаланыпсыздар...

- Ооба, каскадёрлор бизди күнүгө жандап жүрүштү. Элди таң калтыруу үчүн жаңы нерселерге умтулуп, анда каскадёрлордун кызматтарын пайдаландык. Алардын жумушу аябай оор болуп жатты. Убакыттан пайдаланып “Номад” каскадёрлор тобуна ыраазычылык билдирем. Биздин каскадёрлор Орто Азия эле эмес, дүйнө жүзүндөгү эң мыкты каскадёрлор, сыймыктанам алар менен.

- Мында да “глупый” баланын образын жаратыптырсыз. Бул ролдон тажаган жоксузбу?

Мен башкалардай ал персонажды интернетке да чыгара бербейм. Анткени, чынында, өзүм тажадым. Мен актёр эмесмин, бажы кызматкеримин. Эгер актёрмун десем билимдүү актёрлор мага таарынышат. Ошондуктан мага “бир эле образды эмнеге кечке ойноп кыйналып жатасың?” деген сын болбошу керек деп ойлойм. Эгер элге жагып жатса, эмнеге аткарбашым керек? Элден эч бир аггрессивдүү көз караш болбойт, көргөндө көп жылдан берки таанышындай кабыл алышат. Ал эми башка ролду ойноого каалоом жок. Дегеле актёрлук өзүмө жага бербейт.

- Жумушуңуздун оорчулугу эмнеде?

- Бир эле эмоция ар кандай ракурстарда тартылат. Эмоционалдык жактан аябай чарчайсың. Кээде бир нерсеге катуу сүйүнүп койсоң да чарчайсың го, бул жерде дайыма сүйүнүп ойноо керек. “Напарниктер 2” тасмасында бир гана эмоционалдык эмес, секирип, чуркап, физикалык жактан да күч келди. Менин куржунумдагы эң оор тасмаларымдын бири болду десем болот.

- Актёрлуктан колуңуз бош убакта эмне менен алек болосуз?

- “Голливуд” деген лагерь бар. Студент кезден бери каникул учурунда ошол лагерде башкы тарбиячы болуп иштейм. Ал жерден кадимкидей эс алам. Албетте, оор, жоопкерчиликтүү иш, чарчайсың. Антсе да балдар чоң күч-кубат берип турушат. Бала мүнөз образдарымдын айрым элементтерин, балким, ошол жерден тапкандырмын. “Айыл Кэмп” аталышындагы лагерь тууралуу дебюттук тасмамдын тартылышына да бул чѳйрѳ таасир берген. Тасмадагыдай бөбөктөр менен иштешкен абдан жагат. Улуу муундагы актёрлор бир аз бой көтөрүп турушат. Ал эми кичинекей балдар менен досуңдай сүйлөшүп, тамашалашып иштешкен өзүнчө эле ырахат. Анан да балдар алдабайт, баарына чын жүрөгүнөн мамиле кылышат.

- Бул тасма аркылуу ѳзүңүздү режиссёр катары да сынап көрдүңүз окшойт?

- Бакыт Осмонканов экөөбүз он тасма жаратсак, сегизинин сценарийин чогуу жаздык. Жалаң сценарийдин үстүндө иштеп жүрүп дароо 15 кичинекей бала менен иштешүү оор эле болду. Аябай арыктап да кеткем. Токтотуп салайын деген ойлор да болгон. Бирок лагерде иштеп топтогон тажрыйбамдын жардамы тийди. Жалпысынан тасма өзүмө жагат, айтайын деген ойлорумду бере алдым. Менде “өмүр бою актёр болом” деген максат жок. Өзүмө сценарий жазган, режиссура жагы жагат. Келечекте чет жерден курстардан окуп келем деген да тилегим бар.

- Сиздердин сценарийлер күлкү менен катар бир ойду камтып кеткени кызык...

- Тандап алган социалдык көйгөйдү тасма аркылуу айтуу - биздин миссиябыз. Кээ бирлер тасма тартып жатканда демөөрчү катары курулуш же башка ири компаниялар менен иштешет. Биз антип иштеше албайбыз. Себеби алар үйүн чакчайтып тартып берүүнү талап кылышат. Бизге бул жакпайт. Жарнама да керек, ошондуктан айрым учурларда жүрөгүбүздү тырмап жатып кошконго туура келет. Анын ордуна мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын уюмунун кѳйгѳйүн жарнамаласак пайдалуураак эмеспи.

- Балалыгыңызга да кайрыла кетсеңиз...

- Үйдө таланттуулар деле жок. Атам гана той-топурларла обон созуп коёт. Кичинекейимде тентек болчумун. Эл көп иш-чараларды жаман көрчүмүн. КВНге сүйлөп туруп сахнанын артына кирип кеткени үчүн гана катышууга макул болгом. Иттин үргөнүн келиштире туураганымды баалап калышат. Аны кийин эле Азамат Улановдон үйрөнгѳм. Өзүм бир нерсени бат үйрөнөм, шыктуумун. Ата-энем мага эч качан “жок” деп айткан эмес. Мени инсан катары кабыл алып, кеңешишчү, ошол учурда өзүмдү керек, бийик сезчүмүн. Мени базарга ээрчитип барып кийинтип, кичинемден тандоо мүмкүнчүлүгүн беришкен. Ошондон уламбы, бирөөнүн ою менен жашабаган адаммын.

- Жубайыңыздын чыгармачылыкка көз карашы кандай?

- Нурайым экөөбүз бир окуу жайда чогуу билим алып, жети жыл сүйлѳшүп анан баш кошконбуз. Учурда балдар менен алек. Чыгармачылыгыма бир гана колдоо көрсөтөт. Көп учурда жумуш менен айлап, жумалап кетип калам. Түшүнүү менен кабыл алып, “жаныбызда болбойсуң” деген сөздөрдү айтпаганына ѳзүм да таң калам. Тааныштарым жубайларын жок дегенде бир жолу чет жерге алып чыгып эс алдырып келишти. Нурайым чет жак эмес, конокторго барарда да “өзүң эле барып койбойсуңбу, балдар менен үйдө эле болуп турайын” дейт.

- Балдарыңыз канчага келип калышты?

- Улуусу эки жаш сегиз ай, экинчим андан эки жаш кичүү. Эмнегедир алар менен лагердеги балдардай эмесмин. Балким, кичинекей болуп жатышабы, билбейм. Улуу баламды бала бакчада “артист” деп коюшат экен. Чымыны бар окшойт. Ѳзүм актёрлук чеберчилигин байкап калам, кээде кызыктуу мимика, эмоцияларды кылып коёт.

- Качан толосуз?

- Былтыр 6-7 килограммдай салмак кошком. Ал бетиме, курсагыма чыгып кеткен. Аябай ыңгайсыз экен, футбол ойногондо кыйналып калып жаттым. Демек, азыр дене түзүлүшүм мындай салмакка даяр эмес.

Айгерим Токтобай кызы

Булак: "Леди.kg"

Последние новости