www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир аял өзүн Шекспирмин, башкача айтканда, гениалдуу чыгарманын жаратуучусун деп эсептейт.
(Алексей Острогорский)
Жаман эне жакшы аял боло албайт.
(Андрей Лаврухин)
Ар кандай эне үчүн эң башкы нерсе – өгөй эне болбоо.
(Владимир Борисов)
Апабыз Кудайдын алдына кеткенде гана биз Кудай менен жашап жүргөнүбүздү түшүнөбүз.
(Леонид Сухоруков)
Ким өтмүштү эстеп сагынбаса, демек, анын энеси болгон эмес.
(Кен Нанн)
Эч кандай жүрөк эненин жүрөгүн алмаштыра албайт.
(Николай Лесков)
Адамдагы эң керемет нерселер күндүн нурунан жана эненин сүтүнөн жаралат.
(Максим Горький)
Эгер эркектер төрөгөндө алардын эч кимисинин бирден ашык баласы болмок эмес.
(Хагайым Диана)
Эне – бул кесип, болгондо да өтө татаал кесип.
(Елена Яковлева)
Эне уулун көп нерсеге үйрөтө албайт. Себеби, ал өзү эч качан бала болуп көргөн эмес.
(Владимир Жириновский)
Бизге эң жакшы энелерди берсеңер, биз эң жакшы адамдар болобуз.
(Ж.П.Рихтер)
Эне жыйырма жылда баланы адамга айлантат, ал эми сүйгөн кызы болсо жыйырма эле мүнөттө аны келесоо кылат.
(Мария Метлицкая)
Жигит апасына кандай мамиле кылганын карап туруп, ал аялына кандай мамиле кыларын билип койсо болот.
(Фэнни Флэгг)
Сени сүйлөгөнгө үйрөткөн энеңе тил тийгизбе.
(Али ибн Абу Талиб)
Же адилеттикти, же апаңды танда десе, мен апамды тандамакмын.
(Альбер Камю)
Балапанын коргош үчүн мекиян да жырткыч айбанга айланат.
(Мария Семенова)
Апасын сыйлабаган киши өзүнө болгон урмат-сыйды жоготуп алат.
(Шодерло Де Лакло)
Эне дасторкондо беш адам үчүн төрт эле кесим пирог турганын көрсө, ошол замат “мен ачка эмесмин” дейт.
(Теннева Джордан)
Эгер мен кырк эки жашымда мыйзамды бузуп аткан болсом, демек, бул өспүрүм кезимде апамдын тилин албагынымдын кесепетинен.
(Фредерик Бегбедер)
Үйүң кайсы жакта болсо, апаң ошол жакта. Апаң кайсы жакта болсо, үйүң ошол жакта.
(Фелисити Мартин)
Баланын биринчи мектеби – эненин тизеси.
(Рухолла Мусави Хомейни)
Ал жыпар жыттанып турду. Энелердин жыты гана ушундай керемет болот.
(Патрик Ротфусс)
Күн жылуу. Эненин кучагы андан да жылуу.
(Украин макалы)
Атаң жок болсо жарым-жартылай жетимсиң. Апаң жок болсо тоголок жетимсиң.
Өз энесин сыйлаган – башка энелерге да катуу сүйлөбөйт.
(Азербайжан макалдары)
Эне – жер жүзүндөгү кыска майрам.
(Фазиль Искандер)
Дүйнөдөн баарын тапсаң болот. Энени гана таппайсың.
(Украин макалы)
Ар кандай каз өзүнүн балапанын ак куу деп эсептейт.
(Англис макалы)
Эгер дүйнөнү аялдар башкарганда, эч кандай согуштар болмок эмес.
(Салли Маргарет Филд)
Мекен баарбыз үчүн энебизден башталат.
(Юрий Васильевич Яковлев)
Наристе апасын күлкүсүнөн тааныйт.
(Лев Толстой)
“Апа” деген сөздү баары түшүнөт.
(А.Ольховская)
Катындын баары келесоо, апалар болсо акылдуу.
(А.Давидович)
Улуу адамдар аялдарга караганда эркектердин арасында көп. Бирок, улуу аталарга караганда улуу апалар көбүрөөк.
(Е.Б.Пантелеев)
Эне дайыма өлүмгө каршы.
(М.Горький)
Энеге болгон карызын адам эч качан төлөй албайт.
(Баск макалы)
Апа жерге караганда да салмактуу, ата асмандан да бийик.
(“Махабхаратадан”)
Мени кыялданууга үйрөткөнүң үчүн рахмат сага, апа!
(Джарет Лето)
Ыйлай турган эң сонун жер – бул энеңдин кучагы.
(Джоди Пикольт)
Күнү жок гүлдөр ачылбайт, сүйүүсүз бакыт болбойт, аялзатысыз сүйүү болбойт, энелерсиз акындар да, баатырлар да жаралбайт.
(Максим Горький)
Күчүктүн көзү жумулуу болсо да энесин көздөй жүткүнөт.
Куштун сүтүн жомоктон тапса болот, бирок, башка энени жомоктон да таба албайсың.
Баланын чыпалагы ооруса, энени жүрөгү ооруйт.
(Орус макалдары)
Даярдаган Мамат САБЫРОВ
Булак: "АЗИЯnews"