www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук кызматы андагы тергөө абагында жаткан «БеспределKG» фейсбук баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун акыбалы менен таанышууга киргизбей койду.

Муну УКМК Жоробековдун тергөө боюнча иш-чараларга катышып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаевдин маалымдашынча алар кечээ эртең менен Автандил Жоробеков менен жолугуу боюнча УКМКнын тийешелүү кызматкерлери менен сүйлөшүшкөн. Бирок, алар анын тергөө аракеттерине шылтоолоп анда киргизүүгө баш тартып коюшкан.

Алар түштөн кийин барышканда да ушул эле сөздү айтып артка кайтарышат.

Муну менен катар Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов да анын өкүлдөрүн Жоробековго жолугуу үчүн Акыйкатчынын өкүлдөрүнө айткан себептер менен киргизбей коюшканын Vesti.kg сайтына билдирет.

Кызыгы, Сулайманов өкүлдөрүн СИЗОго жөнөтсө, Жоробеков анда да жок болуп чыккан.

Мм, даа... Бул жагы кандай болду экен? Чын эле Автандил Жоробековду эртеден-кечке тергөө иш-аракеттеринде алып жүрүшөбү же кандайдыр бир нерселерди жашырып жатышабы? Болбосо, Акыйкатчы институтуна тийешелүү мыйзамдын 8-беренесинин (Акыйкатчынын ыйгарым укуктары) 10-бөлүмүндө “Акыйкатчы кайсы убакта болбосун кармалгандар турган жерлерге, алдын ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга барууга, анда турган адамдар менен жекеме-жеке аңгемелешүүгө, аларды кармоонун шарттары жөнүндө маалымат алууга укуктуу” деп кашкайта жазылып турат.

Же коомчулукта айтылып жүргөндөй Акыйкатчы институтунун "аптарыкаты” такыр эле кеттиби?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости