www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен танышууга кыска убакыт берилгендиктен аны үстүртөн гана окуп, кол коюп бергенин Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди. Бирок документ менен толук таанышкан соң, депутат ал чечиминен кайра баш тартып жатканын айтууда.

“Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кат жазып, арызымды парламенттин аппаратынын жалпы бөлүмүнө тапшырдым. Документ колума 16-ноябрда тийип, “коомдук талкууга коюш керек”, “мөөнөттөн уттурсак, президенттик шайлоо менен кошо референдумга чыкпай калат, анда бюджетке кошумча чыгым болот” дешкенинен үстүртөн таанышып эле, демилгечи депутат катары кол коюп бергем”,- дейт.

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары абдан күчтүү болуп кетиптир деген оюн айтты.

“Жапаров ачык-айкындык менен, демократиялык башкаруу жолуна барабыз, экономикага же премьер-министр же президент жоопкер болсун дегенин колдоп, ошондой принциптер долбоордо бар деген ойдо колдоп бергем. Бирок документтер терең изилдеп көрсөм, бийликтин көбү президент жакка ооп калыптыр. Парламентаризмди колдоо боюнча менин принциптериме бул дал келбейт экен.

Экинчиси, парламенттин такыр эле үнү жок болуп, ага караганда Курултайдын үнү бийик болуп калганы жатат. Бирок бул экөөнүн макамы окшошуп, кийин баш аламандыкка алып келчүдөй. Андыктан Жогорку Кеңеш менен Курултай экөөнүн бирөөсү гана калышы керек. Болбосо эки баштуу парламент болуп калат. Анда Жогорку Кеңешти жоюп салып, Курултайга ошондой расмий макам берилиши керек.”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости