www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамашеванын жүзү курусун

Депутат Айсулуу Мамашеванын биттин ичегисине кан куюп, ишкерлик менен алектенип жүрүп, атасынын арты, акчанын күчү менен "Ата Мекенден" депутат   болгону баарыбызга эле маалым. Бирок Айсулуунун бир нече жылдан бери иштеген ишканалары мамлекеттин казынасына бир тыйын пайда келтирбегени белгилүү болду. Анысы аз келгенсип, бул айым фирмаларын декларациясында көрсөтпөй, "кембагал" кейпин кийип, бир айда 17 миң гана сом киреше табаарын мамлекеттик документте бепгилеген.

Economist.kg  сайты Айсулуу Мамашевага таандык кыймылсыз мүлктөрдү ачыктады. Аталган сайт эл өкүлүнүн салыктан жашырган мүлктөрүнүн жүзүн ачууда бир катар иликтөө жасаган. Биз андагы маалыматтарга таянып Айсулуу Мамашеванын мамлекеттик казынага кандай "пайда"   келтирип   жатканын тизмеледик: Аталган сайт ачык булактардан  алынган маалыматты депутаттын декларациясындагы маалыматтар менен салыштырган. Жыйынтыгында эл өкүлү беш фирманын шериктеш түптөөчүсү жана түптөөчүсү экени аныкталган. Ошондо ага аквапарк, аба жүк жеткирүү кызматын аткарган компания жана туристтик агенттик караштуу болуп чыкты.

А бирок Айсулуу Мамашеванын декларациясына таянсак ал (2015-жылдан 2017-жылга чейин) ушул бизнестерге ээ болуп туруп бир айда 17 миңден 65 миң сомго чейин киреше тапкан. 2015-жылдагы кирешеси 210,8 миңге жеткен, башкача айтканда айына 17 миң сом. Ал эми кыймылсыз мүлктөн 219 чарчы метрлик батири жана 166 чарчы метрлик офиси бар. А жакын туугандарынын эч кандай мүлкү жана кирешеси жоктугу белгиленген. Ал эми   2016-жылы   депутаттын кирешеси кескин өсүп, айына 53 миң сомго жегип, бир жылда 634 миң сомду көрсөткөн. Кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтары өзгөрүүсүз калган, жакындарынын акыбалы да ошол бойдон, эч каңдай кыймылсыз мүлксүз жана кирешесиз. 2017-жылы депутат айымдын жылдык кирешеси 783,5 миң сомго жеткен, бул айына 65,3 миң сом. Жакын туугандары болсо ушул жылы гана кыймылга келишип, иштеп башташканбы, а дегенде эле бир жылда 4 миллион 83 миң сом, айына 340,3 миң сом киреше таап алышкан. Адилет министрлигинин ачык базасында депутаттын беш фирмага ээ кылаарын, алардын үчөөнү өзү башкараары жазылган. Бул Кыргызстандын мамлекеттик кызматты аркалаган адамдардын бир учурда жеке ишкерчилик менен алектенүүсүнө тыюу салган мыйзамдарына каршы келээрин белгилейбиз. Ал учурда жетектеген фирмалар:

1) Aisu-Lu  ЖЧКсы. Бул фирма конкреттештирилбеген товарлардын кеңири түрүн дүңүнөн сатуу менен алектенет. 2009-жылы түптөлгөн фирманын тең ээси Лю Ин аттуу белгисиз жаран.

2) "Дасмия  Авиэйшн" кыргыз-орус биргелешкен ишкана" ЖЧКсы. Фирма аба жүк ташуу менен алектенет, 2013-жылы каттоого алынган. Тең ээси Макеев Петр Анатольевич болгон менен, фирма учурда Айсулуу Мамашеванын жетектөөсүндө.

3) KIT-TRAVEL ЖЧКсы. Аба жүк ташуу менен алектенет. 2006-жылы катталган. Андан башка DANSUR  ЖЧКсынын (турагенттик), AQUAPARK DASMIA  ЖЧКсынын түптөөчүлөрүнүн бири Айсулуу Мамашева экени жазылган.  Кызыгы бул беш фирма тең бир гана дарек менен: Бишкек шаарынын Горький көчөсүнүн 2-үйүндө катталган.

Аталган сайт бул фирмалардын салык төлөмдөрүнө да көңүл бурган. "Ачык бюджет" порталындагы маалыматтардан улам бул беш фирма тең салык төлөбөй келгени белгилүү болгон. Aisu-Lu жана AQUAPARK DASMIA иштеп баштаган жылдар арасында мамлекеттин казынасына бир сом да которгон эмес.

KIT-TRAVEL менен DANSUR  фирмасында ИННжок. Бир гана "Дасмия Авиэшин" 2013 жана 2017-жылдары казынага 100 сом төлөгөн.

Мына ушундай, өлкөнү мыйзам талаасына чыгарууга бараандай салым кошчу бирден бир башкы бийлик бутагынын өкүлү өзү кирешесинин кайсы бир бөлүгүн мамлекеттик казынага ыраа көрбөй, жашыруун жол менен капчыгын кампайтууну чечиптир, -деп "Факты kg" гезити депутаттын ар бир фирмасын иликтеп жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости