www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сырттагы күзгү аба ырайынын табы күндүзү 17 градустун тегереги, эрте-кеч адамды үшүтүп, чыйрыктырып жиберет. Ал эми Калифорнияда тескерисинче кайнап жатат. Ысыгына адам чыдагыс.

Тагыраагы, тутанган өрт тоо-токойлорду жалмоодо. Оттун жалыны алоолонуп, жолунан чыккан жандуу жана жансыздын баарын жалмап бара жатат.

Өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой калганын дүйнөлүк ММКлар жазып жатышат. Анда айтылгандай күч алган от жылдыздардын мекени болгон Лос-Анжелеске чейин жетти.

Жылдыздар хан сарайларын таштап качууга аргасыз болуп жатышкандарын билдиришүүдө. Ал турсун “темир Арни” Арнольд Шварценеггер дагы туруштук бере албай алысыраак кетүүнү эп көргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости