www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев деген бар. Көбү бул кишини биле бербейт.

Элге бир пайда тийе турган мыйзам долбоорун сунуштап, өзгөчөлөнүп деле көргөн эмес. Бир жылда бир бакылдап үнү чыгып калат, анан эле кайра жок болот. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар бакчасы болот эмеспи. Ошол жерде өзү менен өзү кум-топурак ойной берген баланын эле элесин сүрөттөсөң болот. Сыртынан жоош, жүдөө көрүнгөнү менен далай сырлар жатат бул адамдын ичинде.

Айтсак, депутат өзүнүн салык декларациясында көрсөтүлбөгөн 5 фирмага ээлик кылат. Алар газ бөлүштүрүү компаниясы, кыш заводу, Ош шаарында такси кызматы жана көмүр казуучу ишканасы бар. Бирок, өзү ошол эле учурда парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинде мүчө жада калса комитеттин жетекчилеринен болсо керек эле.

Ал эми бизде мыйзам боюнча кандай? “Депутаттын макамына” ылайык эл өкүлү бир убакытта башка мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштешине ошондой эле ишкердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Арапбаев депутат болуп келгенден бери 2015-2016-жылдары гана салык декларациясын толтурган. Калган жылдар үчүн толтурган эмес. Бул эмне? Бул дагы мыйзам бузгандыкка жатат.  

Economist.kg жана  «Декларатор» долбоору бул депутаттын аталган жылдарга толтурган декларациясын коомчулукка чыгарды. Анда Арапбаев 2015-жылы 4,5 миллион сом киреше тапкан экен. Бул айына 379 миң сомго барабар. Ошондой эле ал ВАЗ 2107, Лексус LX 570, “Дэу Матиз” унааларына жана автоцистерна жана дагы бир нече майда-чүйдөгө ээлик кылаарын көрсөткөн. Кыймылсыз мүлктөн болсо эки жер участкасы менен май куюучу жайдын имаратына кожоюн экен.  Ал эми анын жакындарынын кирешеси депутаттын кирешесинен алда канча жогору экендиги көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости