www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам боюнча Кыргызстандын депутаттары бир учурда ишкерлик кылууга жана башка мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салганы менен азыр болбоду дегенде 37 депутат депутаттык кресло менен ишкерликти айкалыштырып келет.

Алардын бири - Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, КСДП партиясынан депутат болуп келген Чыныбай Турсунбеков.

Bulak.kg басылмасы депутат Турсунбековдун декларациясы менен ачык булактардан алынган маалыматтарга таянып жасаган иликтөөсүн жарыялады. Анда Турсунбеков депутаттык менен биргеликте бир эле ишкана эмес, дээрлик 6 фирмага жана бир коммерциялык кооперативге шериктеш-кожоюндук кылып келет. Аталган 6 фирманын үчөөсүн чет элдиктер менен бирге негиздеген. Ал эми депутат мунун баарын декларациясына көрсөтпөй жашырып койгон.

Декларациядагы маалыматтарга караганда, Чыныбай Турсунбеков 2015-жылдан 2017-жылга чейин 41 млн 185 миң 188 сом акча иштеп тапканын көрсөтсө, анын жакын туугандары (аялы, бала-чакасы – ред.)   122 млн 367 миң 981 сом акча иштеп табышкан.

Эми коомчулук арасында "Тиги катып койгон фирмаларынан канча акча түштү болду экен?" Же, "Эмнеге ал бийлик менен элди алдап жүрөт?", - деген суроолор туулбай койбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости