www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аден Турусбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына “Калпты чындай айтканга Канжарбек Эшалиев уста. Акимдин 5 мектеп, бала бакчаларды салганга кыпындай тиешеси жок” деген аталышта пост чыгарды. Анда ал Чаткалдын акими тууралуу жазган.

Анын айткандары толугу менен төмөндө:

“13 чакырым жол жасатып, оозу-мурду кыйшайбай 30-40 чакырым дейт. Баса, 13 чакырым жол боюнча 2 400 000 сом жетишпестикти УКМК текшерип, таап чыккан. Мындай мыйзамсыздык Чаткалда толтура!
Азыркы учурда, кирээрге тешик таппай кайсалдап турган аким, Чаткалдан бери жол тартып, капчыгына көк кагаздарды толтуруп, былыктарын былтыйта төлөм менен тазалап кетүү үчүн Чаткалдагы чатак иштерди иликтеп жүргөн иликтөөчү журналист, Мааданбек Таалайбек уулу менен Бишкектен жолугушканынын себеби эмнеде? Акчаны жакшы көргөн аким, жегендерин кускусу келбей, журналисттин оозун кантип жапты экен?..
Дагы бир таң калаарлык жагдай, ошол жолугушудан соң журналист Алматыны көздөй сапар алып кеткени миң түрлүү ой-жаратпай койбойт. Суудан кургак чыккан Канжарбек Чаткалдын ырыскысын Казакстанга дагы жыйган өңдүү.
Чаткалды гүлдөтө турган инвесторлордун акчасы Канжарбектин мафиясынан артпай, элдин үмүтү аткарылбай, Канжарбектин азабын дагы канча тартат болду экен?! “Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат” деген ушул экен да...
Оозун майлап койсо ою өзгөргөн журналист акимден арткан акчага чөнтөгү толо түштү окшойт! Сен мага таарынышың мүмкүн, бирок мен кашкайган чындыкты көрүп туруп үн катпай коё алган жокмун!”, -деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости