www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Маркум жоокердин сөөгү"

Бул окуяны чоң атам бизге көп жолу кайталап айтып берээр эле. Ал мезгилде биз жаш болгондуктан окуяга кызыкчу  да, маани да берчү эмеспиз. Азыр ошол чоң атамдын айтканы эсиме түшүп кетип жатпайбы.

Күүгүм кирип, көз байланып калган кезде Усман болгону тең жолду басып өттү. Кеч күз болгондуктан күн кыска. Түш ооду эле кеч кирип, күн уясына жашынат. Бул кез 1955-жыл эле. Кереметтүү Ысык-Көлдүн күнгөй бети, азыркы Тору-Айгыр деп аталган айылдын тушундагы тоонун арасы. Усман басыгы начар ат менен атка улам камчы салып теминет да, өз ою менен алек боло аттын жалын тиктеген тейде келатты. Бара турган жерине дагы бир саатчалык убакта барып калат, эгер ушул жүрүш менен жүрсө. Жаңы эле машина жүргөн жолдон өтө бергенде, алдындагы аты кошкуруп үркүп кетти. Аз жерден Усман аттан кулап түшүп кала жаздады. Усман бул эмне деген ниетте жолду караса, көзүнө эч нерсе деле көрүнгөн жок. Бирок кулагына үн угулду.

-  Пенде баласы, бир сооп ишке жарап, мени бул жол алдынан которуп окчун жерге жаткызып көмүп койчу. Болбосо жаман кыйналдым.

Усмандын жүрөгү бат-бат согуп, коркконунан өңү купкуу болуп чыкты. Оозуна сөз келбей, бир-эки мүнөттөй убакыт жалдырап эле туруп калды. Усмандын абалына түшүндүбү алиги үн кайра жаңырды:

- Пенде баласы, менин өтүнүчүмдү аткар. Бирок азыр эмес, өзүңдүн ыңгайыңа кара. Бул сөздү укканда Усман өзүн колго алып, баягы үн чыккан жерге белги койду да, атына минип жолун улады. Жолдо карай эмне деген гана ойду ойлободу. Эгер башка адам болгондо эсин жоготуп, жүрөгү түшүп ошол жерден жан бермек. Усман өзүнүн кыргызчылыгы болгон үчүн гана карманды. Дароо алиги үндү укканда аңдап билди, ал жол түшкөн жерге илгери бирөөнүн сөөгү коюлганын. Эс тартканы чоң атасынан укканы бар. Өлгөн адамдын денеси жайсыз жерге коюлуп калса, өлүк кадимкидей кыйналат деп. Бул окуяга күбө болгон Усман дароо чоң атасынын айткан сөзүн эстеди да, бир кезде өлгөн адамдын жаны кыйналып белги бергенин билди. Үйүнө келген Усман атын мамыга аса байлап коюп, арбактарга арнап куран окуду.

Эртеси эртең менен таң сөгүлүп баратканда таң ашырган атын отко коюп, бул убакта өзүнө керектүү кетмен, күрөгүн дайындап, курсагын тойгузуп, күн тоонун башынан аркан бою көтөрүлгөндө жолго чыкты. Бирок кайда барарын эч бир жанга айткан да, билгизген да жок. Жолдо катар ойго чөмүлгөн Усман кечинде өзү белги койгон жерге келсе, бул жерди каз дегенсип белги коюлгансып жер чийилгендей болуп калыптыр. Бир метрдей жерди күн төбөдөн оогонго чейин араң казды. Жарым күңдө араң бир метр терендикте казган Усман жердин катуулугунан чарчап шалдырап калды. Бир азга эс алып алайын деген мааниде максымдан кере-кере жутуп, атынын ээр-токумун жазданып жатып көзү илинип кетти. Канча уктаганын өзү да билбейт, бир кезде кулагына үн жаңырды.

-  Пенде баласы, эми бир аз чыда, аз эле калдың менин сөөгүмө жетээриңе. Усман жаткан ордунан атып туруп, эки жакты элеңдеп казып жаткан жерин карады. Көңүлү суз ордунан туруп кайрадан ишке кирише баштады. Кырк сантиметрдей казганда эле күрөгүнүн учу бир нерсеге тийгендей болду. Усман баягы жерди аяр чукуласа, илгерки кылычка көзү түштү. Андан соң адам денесин тапты. Ал бир саатка жетпеген убакта адамдын сөөгүн кылыч менен бирге алып чыгып, жолдон окчун жерге кайра жай казып, сөөктү жаткызып, күмүш түстүү кылычты бир топко кармап, аны өзү менен бирге алып кетүүнү ойлоп, ниети бузулуп барып араң дегенде напсисин тыйды. Анан кайра кылычты сөөк менен бирге көмүп, кыраатын келтире куран окуп, күн уясына батканда гана жолго чыгат. Сөөктү которуп койгонуна өзү дагы ыраазы боло көңүлү көтөрүңкү жолдо келатып, алиги сөөк илгерки жоокердин сөөгү го деп ойлоп койду ичинен.

Үйүнө келгенден кийин дагы арбактарга арнап куран окуп, тиги дүйнөнүн бар экенине чындап ишенип, өзүнчө тообо кылды. Эч тынбай иштегендиктенби кечки тамакты ичкенден кийин эле сулк уйкуга кетти. Айтмакчы, ал аялы менен үйлөнгөнү жыйырма жылга кадам басса дагы ымыркай үнүн уккан жок. Бул аялына чейин дагы эки жолу төшөк жаңырткан. Аялы экөөнүн барбаган мазары, көрүнбөгөн көзү ачыгы калбады. Акыры өзүнүн тагдырына моюн сунуп калган кези эле. Кечке жаны тынбаган Усмандын башы жаздыгына тиери менен уйкуга кетти. Бир убакта түшүнөн чочуп ойгонуп, эки жагын элеңдеп  карап алды. Жанында жаткан аялы дагы коркуп кетти.

-  Сага эмне болду?

Усман аялынын үнүн укканда гана  өзүнө келип. оор үшкүрүнүп алып:

-  Өх, түшүм турбайбы, кап,  бекер иш болду, - деп өкүнгөнүн билгизди да, кайра жаздыкка башын койду. Бирок,  таң атканга  чейин уктай алган жок. Анткени көргөн түшү берген аян ушуга түрткү берген эле. Түшүндө узун бойлуу, колуна кылыч кармаган жоокер кирип, кулагына жаңырган үндү кайталап: "Пенде баласы, мен сага абдан ыраазымын. Бирок бекер иш кылдың. Кылычка кызыкпай  койгондо болмок. Дагы жакшы кылычты өзүң менен бирге алып кетпегениң. Эми сен бир балалуу болосуң. Бирок сен эле эмес, тукумуң бүт бир гана баладан ашык балалуу болбойт. Эгер кылычка кызыкпаганда анда баары башкача болот эле. Эми ушуга ыраазы бол", - деп айтат да, колундагы кылычын күч менен бир шилтегенде ушунчалык катуу үн чыгат. Ошол үндөн Усман чочуп ойгонгон эле. Айтылгандай эле жыл маалында Усман эркек уулдуу болот. Бирок андан башка балалуу болбойт. Баласы Тилек дагы учурда бир балалуу. Усман мындан бир топ жыл илгери дүйнөдөн кайткан. Өмүрү өткөнгө чейин өкүнүп жүрдү. Ошентип ал сооп иш жасаганы менен, башка жарды болуп кала берди.

Сапар Келдибеков, Ысык-Көл облусу

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости