www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сырттан келген унаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан тарта кымбаттай турган болду. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБтеги өнөктөштөр мөөнөттү жылдырууга негиз жок экенин алдын ала айтышкан деди. Ал тапта дүрбөлөң түшүп, унаа сатып алам дегендер көбөйдү. Кыргызстандын унаа базарындагы көрүнүш толук өзгөрдү. Машина мындан төрт-беш жыл мурдагыдай санда жана сапатта түрдүү өлкөлөрдөн келген жери жок. Аны ташып келгендер да азайды.

Бул жерде дүрбөлөң түшкөндүн жөнү бар. Январдан тарта Евразия экономикалык биримдиктен башка өлкөлөрдөн келген унааларга бажы төлөмү бир канча эсе көтөрүлөт. Өкмөт аны узартуу мөөнөтүн сурап жатканын жарыялап, машина алам дегендерди эки анжы абалга таштаган болсо эми биротоло көтөрүлмөй болду көрүнөт.

"Бул маселе боюнча башка мамлекеттерде алдын ала сүйлөшүүлөр жүргөн. Армения, Казакстан да ушундай жеңилдикти каалаган. Бирок бардык мамлекеттер, айрыкча мындай өндүрүш бар Орусия автоунааларга жеңилдик берүү зарылчылыгы жок деген жыйынтыкка келишкен. Буга байланыштуу унаа боюнча бизге мөөнөт беришпейт болуш керек. Ошондуктан машина ташуучулар эски тариф менен алып келиш үчүн ушул жылдын аягына чейин жетишип калышы керек", - деди Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономика биримдигине киргенде уюмдун бирдиктүү бажы тарифине макул болгон. Бирок уюмга жаңы киргенде Кыргызстанга 2020-жылга чейин өткөөл мөөнөт берилген. Эми ал аягына чыгып жатат. Мындай тарифтин негизги максаттарынын бири уюмдун ичиндеги унаа өндүрүшүн колдоо, унааны көбүнчө Орусия чыгарат. Бажы төлөмү унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша өзгөрөт. Бажы кызматы түшүндүргөндөй, мисалы, 2009-жылкы чыккан кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 литрлик "Тайота Камри" 1250 доллар төлөп кирип жатса, январдан тарта 13 600 доллар бажы төлөмү менен кирет, демек ал унаа баасына таасир этет.

2015-жылдан кийин Кыргызстанга келген унаалардын саны кескин кыскарган. 2014-жылы 110 миң унаа келсе, Кыргызстан биримдикке кошулгандан кийин 2015-жылы эки миң гана машина кирген. Кыргызстан жеңилдикти колдонуп, 2018-жылы бажы төлөмүн көтөрдү эле, дароо жети миң унаа кирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости