www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мамбетжунус ага, кечээки Садыр Жапаровдун соттук отуруму боюнча оюңуз кандай?

- Иним, мен ага анчейин көңүл бурганым жок. Себеби, сот системасын жакшыртуу президенттин пикири менен эмес, Конституцияга гана шайкеш жүргүзүлүшү керек. Эгер андай болбосо, анда сот системасынын көз каранды эместигин талкалап алабыз. Кечээки жыйын Конституциянын талабына шайкеш болбогондуктан, мен аны соттун көз каранды эместигине тыюу салуу, өлкөдө президенттик бийликтин жана президенттин пикиринин үстөмдүгүн орнотуу аракети катары бааладым.

Бул “ооруну” биз башыбыздан бир нече жолу кечиргенбиз. Анын аягы эмне менен бүткөнү белгилүү. Сот мындай кырдаалда президентти жана анын жакындарын эле угуп калат. Ошондуктан соттор Акаев учурунда Куловду, Бакиев учурунда Исаковду, Атамбаев учурунда Жапаровдун өзүн, Жээнбеков учурунда Атамбаевди камай берген. Алар бийликтен кетер замат, ошол эле соттор алардын баарын кайра актаганын элдин баары эле билет.

Сот бийлигине аткаруу бийлигинин киришүүсү токтобосо, биз ушул сазга өзүбүз кайра-кайра тыгыла беребиз. Ушуга маани берип, Садыр Жапаров кечээ соттун жыйынына катышпоосу керек болчу. Ал катышып жаткандан кийин бир эле тыянак чыгарса болот: “Өлкөбүз дагы эле конституциялык реформага муктаж” деген...

Булак: Азия News гезити

Последние новости