www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзбек лидери Шавкат Мирзиёевди I даражадагы "Зарринтадж" ("Алтын таажы") ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин расмий сайтында кабарланды.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 10-июнь күнү, Душанбе шаарында өттү. Маалыматка караганда, Мирзиёев бул орденге эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдегени үчүн татыган.
Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, "Алтын таажы" ордени демократиялык өзгөрүүлөргө, экономикалык реформаларга жана илим, маданият жаатындагы өсүп-өнүгүүлөргө зор салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге ыйгарылат.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Душанбе шаарына 10-июнь күнү эки күндүк иш сапары менен барып, аны аэропорттон Эмомали Рахмон өзү тосуп алган. Өзбек президенти иш сапарынын алкагында өлкөнүн түндүгүнө чейин барып, Согди облусунун соода-экономикалык потенциалын талкуулай турганы айтылган болчу.
Булак: NazarNews.kg