www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мугалимдер жакшылап эс алып алуу үчүн «отпускнойун» толугу менен алыша электе, Олимпиаданы көрүш үчүн мамлекеттик кызматкерлер, министрлер  бюджеттин эсебинен кете баштады. Токио олимпиадасына чиновниктер эмне үчүн барышат? Албетте оюн көрүп, бюджеттин акчасын сапырып, эрмек кылганы. Кимдер Олимпиада оюндарына барып тойтолоктоп жүрүшөт: президенттик аппараттын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев (Атамбаевдин финансы министри), президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев жана Маданият министри Кайрат Иманалиев барышат. Эми башкаларын санабай эле койолу.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. Андан сырткары, катышуучулардын катарына машыктыруучулар жана медицина кызматкерлери камтылган. Ал эми Паралимпиадага 4 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Министрлик тарабынан Дүйнөлүк Олимпиадага жана Паралимпиадага даярдык көрүү жана катышуу чыгымдары каралып, толук каржыланган жана уюштуруу жыйындары өткөрүлгөн.

 Токио шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк XXXII Олимпиаданын алкагында уюштурулган спорт министрлеринин жыйынына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Олимпиадага катышкан бардык өлкөлөрдүн спорт министрлери чакырылган жолугушууда Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи сөз сүйлөп, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, Токио Олимпиада жана Паралимпиада оюндары боюнча министри Марикава Тамауа да куттуктоо сөзүн айтып, Дүйнөлүк спорттун актуалдуу маселелерине токтолду. Жыйын Япониянын маданиятын жана спортун чагылдырган көрсөтүү менен уланды.

"Биздин спортчулар Каныкей менен Дениске карата өйдө-төмөн сөз айтып жаткандар чоң спорт деген эмне экендигинен караманча түшүнүгү жок түркөйлөр го дейм... Дүйнөдөгү миңдеген атаандаштардан суурулуп чыгып Токиодогу олимпиадага катышуу укугуна ээ болуунун өзү опол-тоодой эрдик. Олимпияда оюндары 4 жылда бир болуп, "мен барам" дегендин барын эле кошо бербейт. Тандоонун тандоосунан, сыноонун сыноосунан өткөндөр гана ал жерде атсалышат. Олимпиадага катышкан ар бир спортчу кыргыз спорт тарыхында алтын тамга менен жазылып калуусу абзел. Ал эми жеңишке жетишип медалдарды алгандар - улуттук баатырлар", - мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

Токио Олимпиадасында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 148ге жетти. Бул тууралуу уюштуруу комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, акыркы вирус жуктурган 15 адамдын 3өөсү сырттан келген спортчулар. Алар Харуми олимпиадалык районунан тышкары жайгаштырылган. Ошондой эле, COVID-19 болгондордун арасында 8 расмий кызмат адамы жана 4 келишимдик кызматкер карантинге алынгандыгын кошумчалады.

Олимпиадалык оюндар

Олимпиадалык оюндарга кыргызстандык спортчулар да катышып келатат. Ал эмес 1980-жылы Москвада өткөн олимпиадалык оюндарда Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча олимпиаданын чемпиону болгон. Акыркы жолу 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга кыргызстандык белгилүү ишкер Аскар Салымбеков күйөрман катары катышканы белгилүү. Талапкерлердин пикирин колдосо болот, балким Салымбеков Бишкекти 2040-жылкы олимпиадалык оюндардын борборуна айланткысы келип жүргөндүр.

Жайкы олимпиадалык оюндар Пьер-де-Кубертендин демилгеси менен 1896-жылы башталып, отуз экинчи оюнун Токиодо өткөзө албай турат. Төрт жылда бир жолу боло турган оюндар кайсы шаарларда өткөн:

1. Афины, Греция, 1896;

2. Париж, Франция, 1900;

3. Сент - Луис, АКШ, 1904;

4. Лондон, Улуу Британия, 1908;

5. Стокгольм, Швеция, 1912;

6. Биринчи дүйнөлүк согушка байланыштуу өтпөй калган;

7. Антверпен, Бельгия, 1920;

8. Париж, Франция, 1924;

9. Амстердам, Нидерланды, 1928;

10. Лос-Анжелес, АКШ, 1932;

11. Берлин, Германия, 1936;

12. 13. Дүйнөлүк экинчи согушка байланыштуу өткөн эмес.

14. Лондон, Улуу Британия, 1948;

15. Хельсинки, Финляндия, 1952;

16. Мельбурн, Австралия, 1956;

17. Рим, Италия, 1960;

18. Токио, Япония, 1964;

19. Мехико, Мексика, 1968;

20. Мюнхен, Германия, 1972;

21. Монреаль, Канада, 1976;

22. Москва, СССР, 1980;

23. Лос-Анжелес, АКШ, 1984;

24. Сеул, Түштүк Корея, 1988;

25. Барселона, Испания, 1992;

26. Атланта, АКШ, 1996;

27. Сидней, Австралия, 2000;

28. Афины, Греция, 2004;

29. Бээжин, Кытай, 2008;

30. Лондон, Улуу Британия, 2012;

31. Рио-де-Жанейро, Бразилия, 2016;

32. Токио, Японияда 2020-жылы өтмөк коронавирус илдетине байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Олимпиадалык оюндар Улуу Британиянын Лондон шаарында үч жолу, Франциянын Париж шаарында, Грециянын Афины шаарында  эки жолу болгон. АКШда Сент – Луисте бир, Лос-Анжелесте эки жолу, Германиянын Берлинде бир, Мюнхенде бир, Австралиянын Мельбурнда бир, Сиднейде бир, Япониянын Токиодо бир жолу өткөн, экинчиси өтүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости