www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 30-июнда курулушуна старт берилген Асман шаарына соцтармактагы баракчасы аркылуу бата берди.

«Тамтаңдап там сала албай жүргөнүбүз канча… Шаар салам деп, сөөгүндө чучугу бар, кыр аркалуу, бел байлагандан берен гана айтат! Аксарбашыл чабылып, буйоуса Асман шаарынын арканы чечилди. Асман шаарын ак жалгасын! Ажобуздун төрт тарабы тең кыбыла болсун», — деп жазылат билдирүүдө.

Толук маанисинде, "Төрт тарабың кыбыла, билген намазыңды оку", - деп айтылат. Бизде бул сөздүн мааниси көпчүлүк учурда, кепке келбеген, сөзгө түшүнбөгөн адамга карата нааразы болгон көз карашты, "өз билгениңди жаса, эмне кылсаң өзүң бил, башың баш, багалчагың кара таш" дегенди туюндурат.

Эмнеден улам "төрт тарабың кыбыла, билген намазыңды оку" деп айтылып калган?.. Мухаммед пайгамбар ислам динин алып келген соң, динди кабыл алгандар ар кайсы тарапты карап, өз билгениндей намаз окуй башташкан.

Натыйжада, баарын ирээтке келтирип, бир багытка буруп намаз окутуш үчүн, ошол эле кезде исламдын уюткусу, уюлу катары Кааба ташка жүз бурдуруп, кыбыла катары кабылдаткан. Бул эрежеге баш ийбегендерге, "төрт тарабың кыбыла, билген намазыңды оку" деген жаман көргөн, жериген көз караш калыптанган...

Ошол үчүн биздин чоң энелер, чоң аталар баласы, неберелери, сөзүн укпай беймаза кылып тажатканда, айлалары кеткенде "төрт тарабың кыбыла, билген намазыңды оку" дешкен...

Сөздүн, түпкү маанисин, төркүнүн түшүнгөн Мамкатчы Сүйүнтбек Касмамбетов ажого карата кандай мааниде айтты болду экен, бир өзү анан Жараткан билсе керек.

Балким, тажагандан, айласы кеткенден, такыр сөз укпай, өз билгенин бербегенден улам айткан.

Андыктан, башын жакшы баштап, бирок "ээрге көтөрүп мингизип, көчүгүмдү оюп алганың курусун" дегендей жыйынтыктаган сөзүн...

Балким, чындап эле жакшы ниетте президенттин эч бир эрежеге баш ийбеген өжөрлүгүн, ал үчүн баардык тарап кыбыла экенин, эч бир тоскоолдукка карабай баштаган ишин аягына чыгарып, беттегенин бербей турган мыктылыгын айткысы келди...

Алмаз Темирбек уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости