www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы аптадагы өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөр

Апта ичинде Кыргызстанда бир нече кадрдык өзгөрүүлөр болду.

--Мира Сейдикеримова президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Бул кызматта ал май айында башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Кыял Жанузакованын ордуна келди.

Мира Сейдикеримова буга чейин Талас шаарынын вице-мэри болуп иштеген.

--Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте да кадрдык дайындоолор болуп өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Медер Машиев директордун биринчи орун басары болуп, Эльдана Сатарова менен Канат Рыскулов мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басарлары болуп дайындалышты.

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, Медер Машиев жеке ишкер, Канат Рыскулов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары, Эльдана Сатарова бул кызматка дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик мүлк саясаты башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Эске салсак, март айынын аягында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүлгөн.

--Нурбек Тотонов «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

Нурбек Тотонов 1977-жылы 18-августта төрөлгөн. Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин «экономика» адистиги боюнча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасын «юриспруденция» адистиги боюнча, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин «теология» багыты боюнча аяктаган.

2018-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

--Нурбек Максүтов Соода потенциалы жана БУУ ЕЭК стандарттары боюнча жетектөөчү комитеттин төрагасынын орун басары болду.

Ал 2023-2025-жылдарга дайындалды.

--Электр тармактарынын эки ишканасынын директорлору алмаштырылды.

Азамат Паизов Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын директору болуп дайындалды.

Ал буга чейин Жалал-Абад электр тармактар ​​ишканасынын директору болуп иштеген. Анын ордуна бул кызматка Сүйүнбек Үсөнов дайындалды.

Сүйүнбек Үсөнов буга чейин Жалал-Абад электр тармактар ​​ишканасынын башкы инженери кызматын аркалап келген. Компанияда 2006-жылдан бери иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости