www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Сугалак жетекчилер колго түштү УКМК тарабынан Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматында (МКК) жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алуудагы тендердин жүрүшүндө конкурстук комиссия тарабынан мыйзамдардын талабы бузулган фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө. Тергөө иштеринин жүрүшүндө МКК алдындагы ишканалардын жетекчиликтеринин жана жогоруда аталган тендерди өткөрүүдө жана ошондой эле ААК “Гарсу Пасаулис” литвалык компаниясына тобокелдикке салып атайлап пайдасыз контракт түзүүдө коррупциялык көрүнүштөгү кылмыш иштери бар экендиги аныкталды.

2018-жылдын 23-октябрындагы МКК № 287-буйругунун негизинде мамлекеттик сатып алуулар порталына биометриялык паспорттордун бланктарын сатып алуудагы (сатып алуунун баасы 1 млрд. 200 млн. сомдон турган) тендерди өткөзүү боюнча кулактандыруу жарыяланган, тендерде беш компания катышкандыгы, анын ичинде: Idemia (Франция) - 948 713 750 сом, Veridos (Германия) - 936 347 750 сом, Muhlbauer (Германия) - 686 772 250 сом, ЗАО «Гарсу Пасаулис» (Латвия) - 940 150 000 сом жана “Банкнотная фабрика” (Казахстан) - 1 257 847 112,5 сом сунуш кылышкан. Алардын бири 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай МКК комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компания женүчүү болуп табылган.

Натыйжада катышуучулардын сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн. 377 миң 750 сомду түздү. Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү Кыргызстандын ар бир жаранына баасы 165 сомго арзаныраак болуп 420 сом турмак. Тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан компаниянын сунуштаган баасы 585 сом. Ушуну менен бирге, жеңүүчү компаниянын жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо конкурстун талабындагыдай (2 млн. даана) тажрыйбасы жок жана поликарбонаттык пластик колдонбогону белгилүү болду. Интернеттеги маалыматтарга караганда, бул компания 2017-жылы чет өлкөлөрдүн биринде биометриялык паспортту даярдоодо акчанын изин жашыруу жана коррупция боюнча тергөөдө катышкан.

Ал иштердин жыйынтыгы азыркы учурда белгисиз. 2019-жылдын 1-февралында Veridos, Muhlbauer, “Банкноттук фабрикасы” жана Idemia компанияларынын сатып алуулар конкурсттук заявкалары жүргүзүлгөндүн жыйынтыгында четке кагылып “Гарсу Пасаулис” литвалык компания конкурста жеңүүчү деп аталган. (Интернеттеги маалыматтарга караганда, бул компания 2017-жылы «Гарсу Пасаулис» - компания Semlex жеке уюштуруучусу, Конго Демократиялык Республикасынын паспорт долбоорун ишке ашырууда акчанын изин жашыруу жана коррупция боюнча компаниянын ээси катары Сириянын жараны А.Каравазин тергөөгө катышкан. Ал иштердин жыйынтыгы азыркы учурда белгисиз).

Андан тышкары “Гарсу Пасаулис” компаниясы тендердин талабына ылайык (2 млн. даана) персонификацияланган паспортторду чыгарууга жана андан тышкары жеке маалыматтарды поликарбанттык бет кылып даярдоого тажрыйбасы жок болгон. Ошону менен бирге Muhlbauer компаниясы («Гарсу Пасаулис» компаниясынан 253 млн. 377 миң 750 сом аз бааны сунуштаса дагы) мамлекет үчүн экономикалык жактан пайдалуу жактары каралбай, конкурстук заявкалары болбогондугу, аталган компаниянын андан нары конкурска катышуусун олуттуу айырмачылыктары эске алынбай объективдүү маселелер каралбастан тендердик комиссия тарабынан чаралар көрүлүп кабыл алынган.

Muhlbauer компаниясынын берген көрсөтмөсүнүн кылмыш иштери боюнча “Инфоком” МИ директору Абдуллаев Т.Т. конкурстук заявкалары ачылгандан кийин, контракттын наркынын 5% өлчөмүндөгүнү акчалай сыйлык катары конкурсттун жеңүүчүсүнө төлөп берүүнү аталган компания төмөн бааны эске алуу менен сунуш кылган. Ошол эле убакта МКК алдындагы “Инфоком” МИ директору Абдуллаева Т.Т. тарабынан ААК “Гарсу Пасаулис” өкүлдөрү 2016-жылдын 12-майында ААК “Гарсу Пасаулис” тарабынан Англиянын Лондон шаарындагы топ-менеджер В.Миеляускасом менен Абдуллаева Т.Т. расмий эмес жолугушуусун уюштурган. 2016-жылдын 13-июнунда ААК “Гарсу Пасаулис” эсебинен Казахстан Республикасынын Алматы шаарынын “Grand Voyage Hotel” отелинде Абдуллаева Т.Т. жана Бекенова А.К. аттуу жаран менен жолугушууну уюштурулган (мурда КР ААК “Гарсу Пасаулис” өкүлү), жана алар В.Миеляускасом менен жолугуушусунда өзүнүн компаниясын жеңсе сыйлык акы төлөп берүүсүн айткан.

Андан сырткары Абдуллаев Т.Т. жана МКК кызмат адамдары 2016-2018-ж.ж. бир нече жолу Бишкек шаарында ААК “Гарсу Пасаулис” өкүлдөрү менен жолугушууларда болгон. Эл аралык тажрыйбада өкмөттүк келишимдер жашыруун болуп, андагы маалыматтарды жайылтуу контракты жокко чыгаары МКК конкурстук комиссиясы да, көз карандысыз мекемелер аралык комиссия дагы эске алган эмес. Муну сынактын коммиссиясы билген. Анткени, ушундай эле милдеттенмени, МКК келишимдин шарттарын үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоону бул конкурстун катышычууларынан талап кылган. КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 2-б. ылайык Берүүчүлөр (подрядчылар) квалификациялык дайындарын күбөлөндүргөн документтик далилдерди же бөлөк маалыматты берүүгө тийиш.

2019-жылдын 20-мартында КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан министрликтер жана мекемелер тарабынан контролдоо жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдан түшүндүрмө алуу максатында Каржы министрлигине бул конкурсту өткөрүүдө конкурстук комиссия тарабынан укук ченемдерин бузуулар жөнүндө тиешелүү суроо жиберилген. 2019-жылдын 28-мартында КР Каржы министрлигине карашту Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү катышуучулардын тендерден негизсиз баш тартуусуна алып келген көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун, ошондой эле мыйзамдардын негизги талаптардын бири болуп саналган мамлекеттик сатып алууларда экономдуу жана натыйжалуулук негиздери сакталган жок деген чечим чыгарган. Кылмыш-иштин материалдарына ылайык МКК кызматкерлери “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамын эске албастан чет элдик компания “Гарсу-Пасаулис” ЖАК кызыкчылыгын жактап, жогорулатылган баада келишим түзүшкөн.

Мындан тышкары, МКК жооптуу адамдары тарабынан айтылган долбоорду убагында ишке ашыруу үчүн өз убагында аракеттер көрүлбөй, КР жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортторду ишке киргизүү 2018-жылдын сентябрь айына чейин созулган. Ошондой эле, МКК жетекчилиги тарабынан өлкөнүн жетекчилигине айтылган чет элдик компания менен келишимди тездетүү зарыл деген шылтоо менен кризистик абал түзүү белгилери орун алды. Ушундай эле жагдай айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражаттары ж.б. техникалык паспорт менен калкты камсыз кылууда бар. Атап айтканда, берүүчү (подрядчик) “Атлас-Крипт” ЖЧК менен бланк даярдоо боюнча келишими 2019- жылдын 12-апрелинде аяктаарына карабастан, азыркы убакка чейин МКК тарабынан мамлекеттик сатып алуу иштери уюштурулган жок.

Ошондой эле, бул кылмыш-иштин материалдары боюнча “Гарсу Пасаулис” компаниясы менен МКК кызматкерлери ортосунда транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн бланктарын да даярдоодо келишим түзүлгөндүгү аныкталган. Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортторду сатып алууда коррупциялашкан жана атайылап пайдасыз түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу үчүн тендердин жыйынтыгын КР мыйзамына ылайык кайра кароону сунуштайбыз.

Кылмыш-ишин тергөөдө чогулган материалдардын негизинде, мамлекеттик кызматтын жогору даражадагы кызмат адамдары, атап айтканда, МКК төрайымы Шаикова А.К., төрайымдын орун басары Сарыбаев Р.Р., статс-катчы Бакчиев Д.Б., “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Абдуллаев Т.Т. чет элдик компаниянын өкүлдөрү менен кылмыштуу макулдашууга кирип, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамын эске албай, мамлекеттик сатып алуу келишимин жогору баада түзүү максатында “Гарсу Пасаулис” ЖАК кызыкчылыгын жактаган. Алынган ыкчам маалыматтарга караганда “Гарсу Пасаулис” ЖАК тарабынан конкурстук билдирмедеги көрсөтүлгөн баанын 10% (болжол менен 94 млн. сом) мамлекеттик сатып алуулар келишимин кароодо акыркы чечими үчүн аталган ММК кызматкелерине төлөп берүү макулдашылган.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости