www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерине шектелген Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусун кармашты. Жогорудагы шектүү жаран аял кишинин ишенимине алдоо жолу менен кирип, ири суммадагы акча каражатын алып келген.
Аныкталгандай, кылмыш жоопкерчилигине тартылган аял кишини алдап, жабырлануучунун көйгөйүн чечүү үчүн акчаны шектүү өзү алып барып бере тургандыгын билдирген. Алдын ала маалымат боюнча кылмыш ишин өзгөртүп берүү үчүн жабырлануучудан алган акчаны укук коргоо жана сот органдарына алып барам деп алдап жүргөн. Алган соң, акчаларды өзүнө ыйгарып алган.
Ушул жылы биринчи жолу 120 000 сом акча каражатын алган, бир аз убакыт өткөн соң маселелерди чечүү үчүн дагы акча каражаты керек экендигин билдирип, 50 000 сом алган. Үчүнчү жолу дагы 50 000 сом керек экиндигин билдиргенде, жабырлануучу ички иштер органдарына кайрылган. Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.
Ушул жылдын апрель айында КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын баштаган. Катардагы 50 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен Өзгөн районунун 1962-жылы туулган Х.Г. аттуу жашоочусу кармалды. Кармоо учурунда андан коомдук коррупцияга каршы бирикмесинин күбөлүгү табылды.
Азыркы учурда иликтөө иштери уланып жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg