www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуштун өзү учу-кыйры ченемсиз турбайбы? Анын ичинде жарыкчылыкка келип, жашап жүргөндөр болсо ого бетер ооз ачырган трюктарды кыймылга келтиргенде мындан беш бетер кызыктарга чумкуйсуң. Эмнеси болсо да бул тирүүчүлүктө кээде сүйүнөсүң, кай бирде күйүнгөндөн өрттөнүп гана кетесиң го, чиркин! Так ушундай алоолонгон отко саясатчы эмес олигарх катары таанылган Өмүрбек Бабанов өзүнүн тарапташтарын салып жиберип, өх дей түштү.
Анткени отко да, чокко да эмес быкшыган түтүнгө капталган Бабановдун балбылдаган көзүнөн башка эч нерсеси көрүнбөй калды. Соодасы бүткөн “сарттай” болуп туруп берди го айласы кетип алактап. Анын суранган кечиримин алик алгандар кимдер экени бештен белгилүү.
Бабанов мине Терешкова беле учуп келгидей, же Шевченкобу кыргыздын туусун желбиреткен деп күпүлдөгөн Турсунбек Акун менен Азимбек Бекназаровдун “прогнозу” дал келди. Тигил генерал Исмаил Исаков болсо:- Бабановду кош колдоп тосуп алгыдай Папа Римский болуп кетти беле деп алдын-ала келекелеген. Ал тургай шефи жок партияны сүйрөп жаткан Клара Сооронкулованын деле икаясы көк чыбыктай Өмүкенин жонуна чыпылдады. Алмамбет Шыкмаматов болсо Бабанов саясий банкротко биротоло чабылды деп соктурду. Кандай болгон күндө да келбей калган каарманды жиликтегендердин ыргыткан чүкөсү айкүр конду.
Деги аягы эмне менен бүтөөр экен деп кыпылдаган Камчыбек Ташиевдин, Руслан Казакбаевдин, Кенжебек Бокоевдин, Каныбек Осмоналиевдин өңдөрүнөн кызылы кетип аргасыздан туура эле болду демиш болгонун жалпы журт баамдабай койгон жок десек калп болуп калат. Сол жактагы жүрөгү согончогуна түшүп кеткен Бабановдун “жарнама ролиги” капут болду ушуну менен.
Антсе да саясатчы болумуш болгондордун ары деле жок. Дагы бир күнү кайра кыргызстанга келем, жеримди, элимди сагындым деши ыктымал. Бирок, ишеними жоголгондор мындан ары биринчи жолкудай күүлдөп тосуп алышаарына бирөө да кепилдик бербейт. Партиянын лидеримин, элиме ак кызмат кылам дегенге толук татыктуу инсандын жүрөгү, саясий эрки, адамдык сапаттары өзгөчө болот.
Мындай касиет Өмүрбек Бабановдо бар деп кана кимиңер батынып айта аласыңар? Акчанын эмес, абийирдин кулу болгондор антип эки жүздүүлүккө барышпайт. Поэзия айдыңында эмес, кошок жазууга кынык алгандар гана уялбай ийрелеңдеген ыр саптарын токуйт айла жоктон. Кыскартып айтканда Бабанов кайрадан эл алдында ишеничтен кетти, айтылган сөзү атылган ок болбоду, аттиң!
Булак: "Ачык сөз"