www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Айрым массалык маалымат каражаттарында «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусияга сатылат» деген маалыматтар аЙтылды. Эл арасында да имиш кептер жүрүүдө...

- Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» Орусияга сатылат экен» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Себеп дегенде, «Кыргыз темир жолу» ишканасы мамлекеттик ишкана болуп эсептелет.

Россия темир жолу менен болгону кызматташууга меморандумга кол коюлду. Кайсы багытта кызматташабыз, ал меморандумда өзүнчө пункуттар бар, ошол пункуттар, багыттар боюнча кызматташабыз.

Вагоңдорду сатып алуу, тепловоздор маселеси боюнча. Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан долбоору боюнча кызматташуу гана болот. Мамлекеттик ишкананы алып туруп эле Россия темир жолуна сатып жибергенге мыйзам жол бербейт. Чындыкка дал келбеген маалымат.

Кээ бир пункттар боюнча бизге өнөктөш болуп кызматташып иштешкени турушат. Ошол боюнча биздин жетекчилик барып, Россия темир жолунун жетекчилиги менен сүйлөшүп келген. Жакында Россия президенти келгенде биздин жетекчилик менен Россия темир жолунун жетекчилиги меморандумга кол коюшту. Эми ошол боюнча иштер башталып жатат.

Булак: Азия News

Последние новости