www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 542,6 миң адамды түздү

2020-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 542,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, алардын ичинен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулду (үй-бүлөгө көмөк) алуучулардын саны 330 миң адамды түздү.

Пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болбогон адамдарга - "социалдык жөлөк пул" ай сайынкы жардам алуучулардын саны 92,8 миң.

Төрөт үчүн бир жолку- "балага сүйүнчү" жөлөк пулун алуучулардын саны 119,8 миңге жеткен. 

Жалпы республика боюнча "үй-бүлөгө көмөктүн" орточо суммасынын өлчөмү 869,2 сом жана ошондой эле, "Социалдык жөлөк пулдун" орточо көлөмү 3078,8ге жеткен.

Эске салсак, мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен жалпы суммасы 6 миллиард 359 миллион 400 миң сом бөлүнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости