www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-ноябрда, Аялдарга каршы зомбулукту жок кылуу эл аралык күн белгиленгенде, башка мамлекеттердегидей эле, Кыргызстанда дагы «Зомбулукка каршы 16 күн» деген акция башталды.

Ал – Адам укуктары боюнча эл аралык күн болгон 10-декабрга чейин уланат. Мындай иш-чараларга катышуу менен Кыргызстан демократияны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк аракеттерге кошулууда.

Бирок маселелер көп. Өгөй атасынан катуу сабоо жеген Сокулуктагы 6 жашар баланын мисалы жакында баарыбыздын төбө чачыбызды тик тургузду. Июнь айында Сузактагы айымга күйөөсү башынан ылдый суу куюп мазактаганы да үрөй учурган. Ал аял дагы, сабалган 6 жашар баланын энеси да күйөөлөрүн жазалоого каршы арыз жазып, милицияга кайрылган.

Жалгыз ушул эле факт – аялдар менен балдар кандай оор абалга жашаганын көрсөтөт. Коомубуздун кайсы бир бөлүгү өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга аракеттенип жатса, башка бир бөлүгүбүз анын баарын бизге жат көрүнүш катары баалап, орто кылымдагы каада-салтты даңазалап, ошол эски турмуштун эрежелерин жандантууга далалаттанууда. Коомду андай абалга кайтаруу үчүн өтө деле көп акыл-аракеттин кереги жок – эч нерсе кылбай, тим койсоң, коом өзү ошол абалга кайтып барат.

«Бул абдан эле уят практика деп айтсак болот, себеби дегенде биз Балдардын укугун коргоо конвенциясын 1994-жылы ратификациядан өткөзгөнбүз, өзүбүз да мындай, жогорку эл аралык деңгээлде биз абдан өнүккөн мамлекет деп саналабыз. Анан адам укуктары деген Конституциянын чегинде абдан жакшы бекитилген.

Ошого карабастан, биз Кыргызстанда ушу балдарды сабоо же өспүрүм кыздарды эрте никеликке берүү практикасы дагы эле сакталып келатат, дагы эле ушундай фактыларды көрүп атабыз, бул, негизи, абдан эле жакшы эмес көрүнүш», – дейт «Балдар укуктарын коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова Акыркы жылдары коомубузда – жалпы адамзат баалулуктарын мазактап, алар бизге Батыш тарабынан таңууланып жатат, биз болсо дүйнөдөгү эң таза сакталып калган жана руханий жактан күчтүү улутпуз деген тушүнүк улам күч алып баратат.

Бирок биз башкача жол менен өнүгөбүз деп жалпы эл аралык багыттан капталга бурулганыбыздан коомдо ар башка терс окуялар улам көп кездеше баштаган сыяктуу. Ага үстөккө-босток жалпы дүйнөлүк маселелер дагы Кыргызстанга залакасын тийгизди.

Коронавирустун пандемиясы мурда орун алып келген маселенин баарын оркойтуп чыгарып, аларды ырбатты. Биз болсо кандай жакшы жазылган мыйзам же эреже болсо дагы, аны тескери жакка буруп, сырты жалтырак, ичи калтырак абалга жеткирүү боюнча чемпион экенбиз. Анткени эски бойдон жашоо алда канча оңоюраак. Жана ушундай артка кетенчиктөө көпчүлүгүбүзгө жаккандактан, конституция же башка мыйзамдарды анча-мынча оңдоп-түзөп койсок эле, турмушубуз дароо оңолот деген ойго жетеленип калдык.

Маселе болсо мыйзамдарда эмес, өзүбүздө жана кыйчалыш учурда оор маселелер чечилмек турсун, ого бетер чырмалышып, татаалдана турганын коронавирус пандемиясы ачык көрсөтүп салды, анткени стресс эч нерсени жеңилдетпейт.

«Пандемия учурунда, баарына белгилүү болгондой, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурлары көбөйдү. Анын себеби катары жумушсуздукту атаса болот – өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиби учурунда жумушсуздук аябай өсүп кеткен, анткени элдин баары үйдө отуруп калган. Аны менен байланыштуу коомдогу жана ар бир үй-бүлөдөгү психологиялык абал курчуп, стресс пайда болгон», – дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы адиси Шабдан Кайыпов Коомубузда керектүү нерсенин баары бар – кооз жазылган мыйзамдар, сөзүн уга турган билимдүү адамдар, Кыргызстан көптөгөн сонун эл аралык конвенцияларга да кол койгон, бирок биз баары бир эскиче жашаганга ык тартат экенбиз.

Эл аралык аялдар күнү жаш кыздар быйыл тынч маршка чыкканда, милиция аларды бет кап кийген жигиттердин жардамы менен таратып-мазактаганы эле коомубуз кай жерде экенин көрсөттү. Өз маселелери менен кыздар Эл аралык аялдар күнү болбогондо, кайсы күнү чыгыш керек экен?

Бирок коомубузда – алар орток каада-салтка каршы чыкты, чыныгы улуттук салтыбызды тааныбайт жана тааныгысы келбейт, ошондуктан милиция аларды туура жазалады деген пикир дагы эле күч. Адам укуктарын коргоп, кайдагы бир секелек кыздардын айтканын угуп кереги жок деген ой менен биз алдыга өнүгө албайбыз.

Нарын Айып

Последние новости