www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамытканов:

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого карата иш убактысын узартты, бул мекеменин жарандарды кабыл алуу бөлүмдөрү 31-декабрда да иштейт. Бул тууралуу 29-декабрда “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоосу жок болгондуктан добуш бере албай турган адамдар 200 миңден ашык:

--“Шайлоо тизмесине катталыш үчүн сөзсүз биометрикалык каттоодон өтүү зарыл. Аларды каттоодон өткөрүп алсак шайлоочулардын тизмесин тактоо маселеси бүт чечилет. Биометрикасы жоктор шайлоого катыша албайт. Мындан тышкары, мурда форма №2 менен шайлап жүргөн жарандарыбыздын да андай шарты жок эми, демек алар мурдагы катталган дареги менен шайлашы керек. Каттоо кызматы иш мөөнөтүн кечки сегизге чейин узартты. Демек, жарандар жумуштан кийин деле барып кайрылса болот”,- дейт Мамытканов. 

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости