www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кайгуул кызматына кабыл алуу бүттү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматындагы 90 бош орунга кабыл алуу сынагы аягына чыкты. 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы дене тарбия нормативдерин жакшы тапшырган 152 адам сынак комиссиясы менен маектешүүгө кирип 72си өткөнүн билдирди. Алардын 29у орто башкарма курам, 43ү кенже курам. Эми алар кесиптик даярдык боюнча окууга жөнөтүлөт.

Ош шаарында 7-декабрдан тартып, ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган патрулдук милиция ишин баштаган.

Патрулдук милиция 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаа - Бишкекте киргизилген.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милиция түзүү тууралуу чечим кабыл алган. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости