www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" эл аралык аэропортунда Орусиядан учуп келген дарыгердин ПЧР-тестинин жыйынтыгы бар экенине карабастан, кайрадан короновируска карата анализ тапшырууга мажбур кылышкан. Ал эле эмес дарыгер тест тапшыруу үчүн өз чөнтөгүнөн 3 миң сом да төлөгөн. Бул тууралуу "Бишкек бүгүн" телеграм каналына окурман жазган.

"Ал дарыгер менин таанышым. Кыргызстанга учуп келеерден мурда Орусиядан ПЧР тапшырыптыр. Бирок "Манас" эл аралык аэропортунда ага кайрадан тест тапшырууга мажбурлашкан экен. Дарыгер таанышым тесттин жыйынтыгын 1 жарым саат күткөн. Ошондой эле 3 миң сомду накталай эмес, карта аркылуу төлөптүр. Аэропортко учуп келгендердин баары бул нерседен өтөт экен. Бизде ушундай, ар бир кадам сайын акча шыпыруу" , - деп жазган окурман.

Мындай айыптоолорго "Манас" аэропортунун кызматкерлери:

"Ал жүргүнчүнүн Орусияда тапшырган ПЧР тестинин мөөнөтү бүтүп калса керек. Себеби ПЧР тесттердин жыйынтыгы терс болгондон тышкары, ал 72 саттын ичинде активдүү болушу шарт. Эгер тесттин мөөнөтү тапшырган убакыттан баштап 72 саттан ашып кетсе, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-көзөмөл пунктунун жана чек ара кызматынын кызматкерлери кайра тест тапшырууну талап кылышы мүмкүн. Алар жеке менчик лабораторияны чакырып, ПЧР анализ алынат. Биздин аэропорттун кызматкерлери өздөрү билип анализ тапшыртышпайт жана аэропорт конкреттүү түрдө өзү анализ алууну жүргүзбөйт. Жүргүнчүнүн ПЧР тести активдүү болбогондуктан, чакырылаган жеке менчик лабораториянын кызматы үчүн өзү төлөйт", - деп жооп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости