www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2010-жылдагы кандуу Ош окуялары боюнча Роза Отунбаева жоопко тартылыш керек», - деп билдирди жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде президенттикке талапкер Садыр Жапаров.

«2010-жылдагы кандуу Ош окуялары боюнча ал кездеги президент (Роза Отунбаева) жана генпрокурор (Байтемир Ибраев – ред.) жоопко тартылыш керек.

Ал учурда Улуттук коопсуздук кызматы күн сайын КР Президенти менен генпрокуроруна Ошто кан төгүлүү чыга турганын эскертип айтып турушкан. Бирок президент менен генпрокурор бул маалыматка көңүл буруп, анын алдын-алуу үчүн чара көрүшкөн эмес. Натыйжада кан төгүлдү, канчалаган бейкүнөө адамдар өлтүрүлдү. Ошондуктан өз милдеттерине кош көңүл мамиле жасаган  ал кездеги президент менен генпрокурор жоопко тартылыш керек», – деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости