www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Манас" аэропортунун аймыгына коюу туман түшкөндүктөн, каттамдар кармалып убактысы жылдырылып жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Учак абага көтөрүлүшү үчүн бери дегенде 360 метр аралык көрүнүп турушу керек, ал эми азыр коюу тумандан 175 метр араң көрүнүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам "Аэрофлот" компаниясынын Москва шаарынан келчү AFL1880-каттамы, жана TEZ JET компаниясынын Ош шаарынан келчү TEZ106-каттамы кармалып жатат. Ал эми Бишкектен Pegasus компаниясынын PC702-каттамы Стамбул шаарына уча албай турат.

Аэропорттун маалымат кызматы каттамдар боюнча тактап алыш үчүн (0312) 69-31-09 номерине чалууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости