www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баңгизатсыз жаша, эркин жаша» урааны менен Манас шаарында баңгизаттын алдын алууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган жаштар форуму болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Форум баңгизатка байланыштуу кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жаштар арасында алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Гульбарчин Таштанбекова, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, белгилүү спортчулар, блогерлер жана 500гө жакын студенттер катышты.

Форумдун негизги максаты - жаштар арасында баңгизаттарды жана психоактивдүү заттарды колдонууга карата терс көз карашты калыптандыруу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу.

Последние новости