www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Соода — Өнөр жай палатасынын азыркы президенти Марат Шаршекеев кайрадан жетекчи болуп шайланды. Ал ушуну менен үчүнчү мөөнөткө, беш жылга шайланды.
Добуш берүү бүгүн, 18-декабрда палатанын курултайында өттү.
Биринчи туру жашыруун болуп, 126 делегат добуш берди. Анда талапкерлер Кайрат Итибаев 17, Бакыт Дегенбаев 34, Марат Шаршекеев 53 добуш алганы айтылды.
Экинчи турдагы добуш берүүгө Марат Шаршекеев менен Бакыт Дегенбаев чыккан. Жыйынтыгында Марат Шаршекеев 57, Дегенбаев 40 добуш алып калды.
Бакыт Дегенбаев жетекчини шайлоо процесси ачык атаандаштык менен өтпөгөнүн, административдик ресурс колдонулганын айтып, сындады.
«Жетекчини шайлоо процесси өтө көп мыйзам бузуулар менен өттү. Азыркы жетекчилик административдик ресурсту толук пайдаланды. Ошонун негизинде жеңишке жетти. Эгер ачык атаандаштык менен өткөндө, биз тарапта мүмкүнчүлүк өтө эле көп болчу. Соода — Өнөр жай палатасы өзгөрүүнү каалабайбыз, өнүкпөйбүз, бизге ушундай боло берет деген жолду тандап алышты. Биз кейибейбиз, ишибизди уланта беребиз. Соода палатасы жок эле бир топ иштерди аткардык», — деди Бакыт Дегенбаев.
Булак: NazarNews.kg