www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия КМШга мүчө өлкөлөрдүн элин коронавируска каршы эмдөөгө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин саммитинде РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Ал Россия КМШ мамлекеттерине медициналык жабдууларды жеткирип, дарыгерлерди жөнөтүп жардам бергенин эске салды.
"Шериктештиктеги бардык мамлекеттердин калкын Россиядан чыккан вакцина менен камсыз кылууга жардам беребиз. Кеп "Спутник V" жана "ЭпиВакКорона" тууралуу болууда. Жакынкы арада биздин дагы башка вакциналарыбыз чыгышы керек", — деди Путин.
Ал кесиптештерине коронавируска каршы вакцинаны бирге өндүрүүнү сунуштады.
Ушул эле жыйынга катышып жаткан Кыргызстан президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Россия бир нече вакциналарды өндүрүп чыкканы менен Путинди куттуктап, бул адамзат үчүн маанилүү болуп эсептелерин белгилеген.
"Кыргыз тарап Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар экенин белгилеп кетейин", — деген Мамытов.
КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары шериктештик алкагындагы өз ара иштешүүнүн актуалдуу темаларын, уюмду мындан ары өнүктүрүү концепциясын жана биргелешип кызматташууну арттыруу жаатындагы маанилүү маселелерди талкуулашууда.
Булак: NazarNews.kg