www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чимкирик парламенттин» мыйзамдуу мөөнөтү 2020-жылдын октябрына чейин эле болгонун, бешиктеги баладан өйдө билет. Башаламандыктан улам тирүүчүлүк озуйпасын жылдырып отурушуп, эми күзгө калды. Момурап отурушкан депутаттарга жан кирип, божурап, Конституцияга каршы боло башташты. Депутаттар майдай жаккан Текебаевдин «сырты жалтырак, ичи калтырак» Конституциясы менен ажырашкысы келбей жаткандай. Парламенттик республиканы түзүү демилгеси депутаттарга майдай жаккандай. Бирок «сырты жалтырак, ичи калтырак» дегендей, сырты парламенттик болгону менен, ичи президенттик Конституция болгону айгине. Ал эмес, жыргап жаткансып депутаттардын санын да 120га көтөрүп жиберген. Жаңы Конституцияда жок дегенде депутаттардын саны азайганы турат. Дүйнөлүк саясатчылар Жириновский менен Саакашвили башмыйзамды колдоорун билдиришти. Ал эми элдин көзүнчө депутаттардын саны азайсын дешкени менен, өз алдынча бул Конститутияга каршы чыккандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт: «Вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, ал Сенаттын жетекчиси. Ал президентке тең тайлашкан адам. Силер өзүңөрдүн Конституцияңарда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болорун жазыпсыңар. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Сиздер көрсөткөн структура султан Сулаймандын диванына көбүрөөк окшоп калган».
Баш мыйзамдын жаңы долбоорун түзүп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме 2,5 ай иштеп, документти парламентке өткөрүп берди. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев алардын ишин жалпы коомдук талкуу катары кабыл алуу керектигин, талкуу ачык жүргөнүн айтты. Окумуштуу 10-январдагы референдумда башкаруунун президенттик формасынын тандалып алынганын элдин каалоосу деп таануу зарылдыгын белгиледи. Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.
Талкууда сөз сүйлөгөн депутат Айнура Осмонова жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда адамдын кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү, каралоону таркатууга карата жаза кирбей калганын сындады: «Ар бир адам айткан сөзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Жаманбы, жакшыбы, бардык нерсе айтылганда анын чын экенин бышыктап, толук милдетин алып, ошого керт башым менен жооп берем дегенди үйрөнүшүбүз керек. Ал эми жаңы долбоордо «эч ким кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген маалыматты таркатууда кылмыш жообуна тартылбайт» деп турат. Конституцияда жазылып турат деп эртең эмне болуп кетебиз анда?»
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бул нормалар Жазык жана Жарандык кодекстерде каралганын айтышып, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна сөз эркиндигине байланыштуу нормалар эл аралык конвенциялардын негизинде киргенин жүйө келтиришти. Бир нече парламентарий эмнеге олуттуу өзгөртүүлөр болбогонун сураганда кеңешменин төрагасы 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү алгач сунушталган долбоорду толук өзгөртө албаганын сынга алды. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айткан. Ошол учурда Рыспаев Конституциялык кеңешме эмнеге түзүлүп, кандай иш кылганына кызыкты. «Алгач 80 депутат бул долбоорду алып чыккан, бирок коомчулук жактырбай аябай ызы-чуу болгон. Ошондо кайра жазып чыгалы деп Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Бирок силер "депутаттар берген концепциядан чыга алган жокпуз" деп атасыңар, мындай тапшырманы сиздерге ким берди? Эмнеге башында ушул тууралуу айткан жоксуңар? Анда элдин үнү, мүдөөсү бул долбоордо камтылган жок деп айта алам. Биз силерге сонун кылып жазгыла деп бердик, эгер концепциядан чыга албасаңар депутаттар деле иштеп чыкпайт белек», — деди Рыспаев.
Бөрүбашев президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыгында «долбоордун концепциясын толуктап иштеп чыксын» деген пункту бар экенин, ал эми өзгөртүү тууралуу жазылбаганын айтты. Ошондой эле ал эки палаталуу парламент түзүү сунушу көтөрүлүп, бирок кеңешме чечүүчү күч болбогондон кийин аны кабыл алабаганын мисал келтирди. Мындан улам депутат баш мыйзамды шашпай кайра башынан жазып чыгууну сунуштады."Бизге «Конституциялык кеңешме жазып келген долбоорго сунушуңар кирбей калышы ыктымал, силер жөн гана референдумга алып чыгып бересиңер» деп айтып жатышат. Ал эми силер депутаттардын концепциясынан чыга албай койдук деп атасыңар. Ушунча болуптур анда элдин мүдөөсүн, оюн камтып, татыканакай кылып кайра башынан жазалы. Бизден силер чыга албасаңар, силердикинен биз чыга албасак. Шашпай бышырып туруп алып чыгалы. Каякка шашып баратабыз», — деген Рыспаев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg