www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наманган облусундагы «Бунёдкор» маалесинде облус акими Шавкат Абдураззаков үчүн контейнерден үй курулууда.

19-февралда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Наманганга болгон сапары учурунда облустун борборунан 8 чакырым аралыкта жайгашкан бул маалеге күтүүсүздөн барган. Ал калктуу конуштун абалын сынга алгандан кийин облус жетекчиси дал ушул жерге көчүп келип, маалени жакшыртууга убада берген.

Облус администрациясынан билдиришкендей, аким үчүн курулуп жаткан үй бир нече контейнерден турат жана жашоо үчүн керектүү баардык шарт түзүлөт. Мобилдик үй улам шарты жакшыртыла турчу маалелерге көчүрүлүүгө ылайыкташтырылат.

Намангандык активисттердин бири билдиргендей, ушул тапта «Бунёдкор» маалесин жакшыртуу үчүн миңдей киши – мамлекеттик мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иштеп жатышат.

– Алар көчөлөрдү шыпырып, асфальт төшөп, гүл отургузуу үчүн жол жээктеринде атайын аянтчаларды курушууда. Дубалдарды акташып, көчөт тигишүүдө. Бир сөз менен айтканда, маалени жакшыртуу үчүн чоң жумуш жасалууда. Биздин мааледе канча жылдан бери суу түтүктөрү болгон эмес, кишилер сууну арыктан алып ичишчү. Жаратылыш газы болгон эмес. Азыр суу куурларын тартып, ал гана эмес газ киргизиле турганын айтышууда, – деди ал.

Наманган облусунун администрациясынан билдиришкендей, жакын арада облустун баардык райондорунун акимдери жана Наманган шаарынын башчысы үчүн контейнерден үйлөр курулат.

Маалелер мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда ашар жолу менен жакшыртылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости