www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министрлиги тренерлер үчүн окутууларды баштады

КР Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылга карата иш планын аткаруу максатында тренерлер үчүн окутууларды өткөрө баштады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тренингдер мектепке чейинки билим берүү тармагын каржылоонун эффективдүүлүгүн жогорулатууну, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, башкармалыктардын адистеринин компетенттүүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт.

Тренингдин катышуучулары учурдагы мектепке чейинки билим берүүнү каржылоону талкуулашат. Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүүдө максатты белгилөөнүн вертикалдуу интеграцияланган тутуму жана анын каржылык колдоосу менен жетишсиз баланстык көрүнүш тууралуу талкуу болот. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки билим берүүнү бюджеттик пландаштыруудагы көйгөйлүү жерлерди аныктоо максатында анын анализи менен таанышышат. Муну менен катар, мектепке чейинки билим берүүнү бюджеттик каржылоонун перспективалары, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун эффективдүүлүк көрсөткүчтөрү жана натыйжалуулук индикаторлору аныкталат.

Тренингдер ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости