www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин баласына генерал-майор наамы берилди

Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарды жазып чыкты. 

--"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.

"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", -  деп жазды РИА Новости.

Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости