www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда карантин чектөөлөрү алына баштады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-марттагы элге кайрылуусунда, коронавирус пандемиясынан улам киргизилген коменданттык саат жана карантин чектөөлөрү өлкөнүн айрым аймактарында алына тургандыгы айтылды.

Түркиянын 81 облусу коронавирусту жуктуруп алгандардын жана оор бейтаптардын абалына жараша, жеңил, орто, кооптуу жана өтө кооптуу деген категориялардагы аймактарга бөлүнөөрү кабарланды.

Буга жараша кооптуу жана өтө кооптуу аймактарда катаал пандемия чектөөлөрү сактала бермекчи, ал эми жеңил жана орто категориядагы аймактарда элдин көчөгө чыгуусуна жана ресторан, коомдук жайлардын ачылышына уруксаат бериле тургандыгы белгилүү болду.

Бирок кечки саат 21.00дон таңкы саат 05.00ке чейин өлкө боюнча коменданттык саат эрежеси күчүндө калат.

Ошондой эле 1-марттан тарта Түркиядагы бала бакча, башталгыч класстар жана жогорку классттардын окуучуларына мектепте билим алуусуна уруксат берилди.

Ал эми чет өлкөдөн Түркияга барган ар бир жарандан ПЧР тести милдеттүү түрдө алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости