www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 57 миллион 495 миң 631 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Анын ичинен 36 миллион 822 миң 728 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 371 миң 241 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 908 миң 395 болду. 254 миң 383 адам каза болсо, 4 миллион 457 миң 930 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 4 миң 365 адамдан аныкталды. 132 миң 162 адам каза болсо, 8 миллион 428 миң 409 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 20 миң 164 адам вируска кабылган. 168 миң 613 бейтап көз жумса, 5 миллион 430 миң 896 бейтап оорудан сакайды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости