www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отунбаева, Текебаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “парламентаризм” деп элди алдап, анын ордуна башаламан, эч ким элдин алдында жооп бербеген, маңка, коррупциялык система түзүп кетишти. Мындай пикирин журналист жана саясатчы Адил Турдукулов өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

«Чындыгында биз азыр деле парламенттик өлкөдө жашаган жокбуз.

Парламенттик өлкөдө:

- Өкмөт президенттин эмес, парламенттин алдында жооп бериш керек.

- Тышкы саясат аныктоо парламенттин колунда.

- Президент парламент аркылуу шайланат.

- Күч структуралары дагы парламенттин алдында жооп берет.

Бизде андай эмес!

Буга кошумча - Атамбаев, Жээнбеков азыркы өзүнүн көлөкөсүнөн корккон парламентти ого бетер алсыратууда салымы чоң болгон. Мыйзамсыз группаларды түзүүгө жол ачып бир-бирин тирештирип коюшту, депутат-оппонентерине кылмыш иштерин ачтырышты, СДПК, “Биримдик” партиясына жалаң май-баштарды чогултуп, башкаларга кантип партиялык тизме түзүш керектигин “үлгү” катары көрсөтүп беришкен. Ошондуктан азыркы бүт болуп жаткан көйгөйлөргө биринчиден мурунку бийлик жоопкер. Текебаев болсо азыркы ЖКтин легитимдилүүгүн узартууга да салымы чоң. Ал эми Отунбаева, Текебаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “парламентаризм” деп элди алдап, анын ордуна башаламан, эч ким элдин алдында жооп бербеген, маңка, коррупциялык система түзүп кетишти.

Ошондуктан биз конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек. Бирок бул демилгени легитимсиз азыркы чимкирик ЖК же эки бутунанан аксаган Президент аппараты баштаганга эч кандай мыйзам жол бербейт.

Эң оболу жаны парламентти, президентти шайлагандан кийин, легитимдүү бийлик менен кошок Конституциябызды өзгөрткөнгө жапатырмак киришелик.

Менин сунушум – област, район деп жергиликтүү бийликти экиге бөлбөй, аларды 20 га жакын аймака кошуш керек. Анан аймактагы кенештин укуктарын кеңейтип, аларга аймактын башчысын шайлоого толук укук берилиш керек. Ошол эле учурда республикалык деңгээлде Парламент эки палата болушу абзел. Астынкы палата азыркыдай эле партиялык тизме менен шайланып, бирок азыраак депутаттардын саны менен. Ал эми үстүнкү палата болсо Курултай деп аталып, ротация түрүндө ошол мен айтып жаткан аймактын кеңештин сенаторлордун атынан түзүлүш керек. Ошондо биз маңка, башаламан башкарууда арылып, жергиликтүү кызыкчылыктарын эсепке алууга жол ачабыз. Накта элдик бийликти курабыз!», - дейт Адил Турдукулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости