www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марттан баштап күйүүчү май 10%га чейин кымбатташы мүмкүн

Ушул жылдын март айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

«Республиканын аймагындагы күйүүчү май, ага болгон суроо-талапты жана Россиядагы заводдордогу бааларды анализдеп көрүп, март айында кара майдын баасы орто эсеп менен 9-10 пайызга кымбатташы ыктымал деген бүтүмгө келдик», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле чурда нефтетрейдерлер баанын мынчалык кескин кымбатташына жол бербөө боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости