www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Токтогул районунда мечитте уурулук жасоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-апрелде милицияга 44 жаштагы эки жаран арыз менен кайрылган. Алар билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 13:30да Бишкек – Ош жолунун жээгиндеги «Нур» мечитинде намаз окуп жатканда, белгисиз адамдар биринин 25 мин сомдук телефонун жана 4 миң сом акчасын жана экинчисинин 11 миң сомдук телефонун уурдап кеткен.

 

Булак: NazarNews.kg 

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Бишкектин 21 жаштагы тургуну К.Т. уулу жана Чүйдүн 16 жаштагы тургуну Д.Т. кармалган.

11-майда соттун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынган.

Учурда кармалгандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Последние новости