www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мечитте уурулук кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы конуштарынын биринде жайгашкан мечитке белгисиз жаран келип уурулук кылган. Ал мечитке намаз окуу үчүн эмес, ал жактагы буюм-мүлктөрүн жашыруун алып, жеңил пайда көрүү максатын көздөп барган.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын тургуну уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу намазын окуп бүткөндөн кийин билген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Аталган кылмыш иштин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Алар мечиттин видеобайкоочу камераларын карап көрүү учурунда, белгисиз адамдын мыйзамсыз жасаган аракеттери видеобайкоочу камерага түшүп калган. Видеодо мечитке келген башка адамдар менен бирге белгисиз адамдын жүргөнүн көрүүгө болот. Ал, эл намаз окуй баштаганда кийимдер илинип турган жерге барып, бирөөнүн кийимин алып, бат эле сыртка чыгып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
ИИМдин ыкчам кызматкерлери аталган кылмыш ишин жасаган адамдын өздүгүн аныктоодо, шектүү Алай районунун 1992-жылы туулган М.У. аттуу тургуну экени такталып, колго түшүрүлгөн. Ошондой эле, ал мурда соттолгону маалым болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg