www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Клак-клак» деп бүркүтчө шаңшыгысы келгени мен Алмазбек Исманкуловдун үнү тоок сымал «куук –кук» деп угулуп калды. Анткени, ичерин ичип алып, жерин жеп алып эми эмнеге актанат. Мурдагы Исманкуловдун жеке клиникасы жайгашкан №2 оорукананын имаратында неврологиялык бөлүм ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, бөлүмдөрдү кыдырып, Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты жана мурда "А.Исманкуловдун көз микрохирургиясы" клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты: "Оорукананы кыдырып чыгуунун жыйынтыгында жетекчилик жана кызматкерлер менен бирдикте неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана бошогон имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Алмазбектин «тезкасы» Алмазбек Атамбаев да түрмөдө жатып алып далай ирет «кукулуктаган». Негизи Алмазбек деген ысымы барларда же жегич, же аракечтер көп. Өтө жегичтерден Алмазбек Исманкулов, Алмазбек Бакетаев, Алмазбек Атамбаев болсо, аракечтерди санабай эле койолу барак жетпей калат. "Назар ньюс" сайты Алмазбек Исманкулов боюнча, анын күмөн жараткан ишмердүүлүгү тууралуу жоопкерчилик маселесин кароону жазып чыккан. Андан соң маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлүп чоң талкуу жүргөн.
«Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» Алмазбек Исманкулов деген белгилүү көз доктур бар. Мактанып жарнама кылса ага бул чөлкөмдө эч ким жетпейт. Мына кезинде Түштүк Кореядан мамлекетти кепил кылып кредит алып, жеке клиника ачып жыргап бизнес кылууда. Тарыхына токтолсок, насыянын пайдасын Исманкулов көрүп, шоруна мамлекет калган.
Башкача айтканда, Исманкулов Улуттук университеттин имаратын күрөөгө коюп, жеке клиникасы үчүн Кореядан олчойгон 8 млн. доллар насыя алып, аны төлөбөй коюп, тууму менен 28 млн. долларга жетип, карыз мамлекеттин мойнуна илинип турат. Бул эргул насыя алып жеке кызыкчылыгына пайдаланып байыса, анысы аз келгенсип мамлекеттик имаратты ит бекер колдонсо, анан анын карызын карапайым эл төлөш керекпи?
Ташиевдин "Кустуризациясына" Исманкулов илинбесе да Башкы прокуратуранын кайырмагына илинген. Мамлекеттин мойнуна илинген 28 млн. долларды төлөтүш керек эле го. Эмнеге насыяны Исманкулов алып байып жыргаш керек да, бир тыйын албаган эл төлөш керек? Айтор, "крышасы" күчтүү экен. Кылы кыйшайган жок. Тескерисинче, анын ордуна акыйкатты орнотом деген вице-премьер Аида Исмаилова бийлик жаңы алмашканда кызматынан кол жууган. Бирок анын эмгегин эске алып Түштүк Кореяга элчи кылып жиберишкен. Ал Алмазбек Исманкуловдун айынан Түштүк Кореяга 28 миллион доллар карыз экенибизди билеби? Кыскасы, айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулган өзүнчө эле парадокс.
Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу камакка алынды. Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине коррупцияга шектелип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Башкы прокуратура тарабынан «Көз микрохирургиясы» ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бир нече жооптуу кызматкерлери материалдык кызыкчылык жана башка жеңилдиктерди мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барганын аныктады.
Аталган адамдар Бишкек шаарындагы №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилбей турганына жана оорукана койкаларынын кескин жетишсиздигине карабастан, атайылап баасын төмөндөтүү менен мыйзамсыз түрдө ижарага беришкени аныкталган. Натыйжада, ижара акысынан мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg