www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манчестер соту жети жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө күнөөлүү медайым Люси Летбиге ырайым кылуу же шарттуу түрдө бошотуу укугусуз өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Би-би-си жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бул Британиянын укуктук системасындагы эң катаал өкүм.

Дал ушундай өкүм боюнча айыптоочу тарап айыпталуучунун иш-аракеттери аң-сезимдүү садизм категориясына кирет деп баса белгиледи.

Летби англис мыйзамдарынын тарыхында өмүр бою эркинен ажыратылган төртүнчү аял болуп калды.

Судья Джастис Госс Люси Летбинин наристени өлтүргөн өзгөчө окуяга өзүнчө көңүл бурду. "Анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө ал башка дарыгерлер менен бирге анын куткарылышына үмүттөнгөн түр көрсөтүп, аны сактап калууга активдүү катышкан". 

Ошондой эле, сот бардык ымыркайлардын өлүмү жана ден соолугуна олуттуу зыян келтирген ар бир окуяга кеңири токтолду.

Белгилей кетсек, Люси Летби 2015-жылдан 2016-жылдын июнь айына чейин Честер ооруканасынын графинясында иштеп жүргөндө ийнени (шприц) абага толтуруп, жаңы төрөлгөн ымыркайларды сайып өлтүрүп жүргөн. 

Ошондой эле атайылап ийнени абага толтуруп сайып, ашыкча тамактандыруу жана инсулин менен ууландыруу сыяктуу ыкмаларды колдонуп, оорукананын неонаталдык бөлүмүндө дагы алты ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылган.

Жалпысынан Летби 13 жаңы төрөлгөн ымыркайдын өмүрүнө кол салган. Алардын аты-жөнүн айтууга сот тыюу салат, бирок беш бала жана эки кыз каза болгону айтылууда.

CNN билдиргендей, Летби полиция тарабынан 2018 жана 2019-жылдары тергөө иштерине байланыштуу эки жолу, ал эми 2020-жылдын ноябрь айында кайра камакка алынган.

Бийлик анын үйүн тинтүү учурунда Летбинин күндөлүгүн таап алышкан.

"Мен жашаганга татыктуу эмесмин. Аларды атайылап өлтүрдүм, анткени мен аларга кам көрүүгө татыксызмын. Мен өтө коркунучтуу адаммын", - деп жазган күндөлүгүнө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости