www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БРИКСтин Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдүн эсебинен кеңейиши Орусия менен Кытай үчүн жеңиш болот. Бул тууралуу "Associated Press" жазып чыкты.
"БРИКСтин мүмкүн болгон кеңейиши, өнүгүп келе жаткан ири мамлекеттер тарабынан колдоого алынышы бул ассоциацияны G7ге каршы салмак катары көргөн Орусия менен Кытай үчүн жеңиш болуп калат", - деп жазган агенттик.
Йоханнесбург университетинин профессору Алексис Хабяремиянын айтымында, Сауд Арабиясы сыяктуу ири оюнчулардын БРИКСке кириши биримдиктин экономикалык структурасын бекемдейт.
Индиянын Эр-Рияддагы мурдагы элчиси Талмиз Ахмед, Сауд Аравиянын БРИКСке кошулушу уюмга кошумча маани бере турганын айтты.
Маалыматка ылайык, БРИКСке кирүүгө 20дан ашык мамлекет арыз берген. Алардын арасында Сауд Арабиясы менен бирге Алжир, Аргентина, Египет, Индонезия, Иран жана Бириккен Араб Эмираттары бар. БРИКСтин кеңейүү маселеси Йоханнесбургда (Түштүк Африка) 22-24-августта өтө турган саммиттин алкагында талкууланат жана Глобалдык Түштүк мамлекеттеринин жана өкмөт башчыларынын акыркы жылдардагы эң ири жолугушуусу болот. Бул иш-чарага чакырылгандардын арасында Африканын 54 өлкөсүнүн лидерлери бар. Россиянын президенти Владимир Путин саммитке видеобайланыш аркылуу катышат. Саммитке БРИКСке мүчө башка мамлекеттердин лидерлери дагы катышат.
Алибек Бейжанов, Ташкен