www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште тоту кушча таранган, үнүн кубулжутуп кооз сүйлөгөн, өзүн өтө сыпаа, маданияттуу кармаган Медер Алиев деген депутат бар. Баптап-таптап чоюлуп жасап сүйлөсө, үнүн уккан адамдын итиркейи келет.

Мына ушул депутат өзүн акылдуу эсептеген менен принциби анчейин туруктуу эмес экенин, "жаман жайын айтам деп, баарын айтат" болуп, көтөргөн маселелеринен байкатып коёт.

Алыс барбай эле, парламент каникулга тараар алдында Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алышкан маселеде айткан пикирин мисал келтирсек жетиштүү болот. 

Дал ушул маселеде Медер Алиев Жогорку Кеңештин депутаттарын "киши ордуна көрбөй кагып-силкип" бозала кылган Эдил Байсаловду жактап, "Байсаловдун саясий капиталы чоң. Эч кимден коркпойт. Татыктуу иштеп жатат. Эрктүү, сыйга татыктуу", - деп кошомат айтып, эл өкүлдөрүнүн бетине жаба түкүргөндөй кылды.

Ушинтип депутаттар өздөрү бири-бирин колдой алышпай, кошомат айтып жүрүшсө, анан кантип буларды министрлер тоготуп, сыйлашсын. Чала болот силерге деген киши жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости