www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу беш мүчө өлкөнүн жеке саммитин өткөрүп, өтө курч маселелерди талкуулап, өзөктүк куралды колдонуу темасы боюнча диалогду улантууну ойлонуштуруп жатат. Бул боюнча РФтин Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев БУУнун 75 жылдыгына арналган макаласында айткан.

"БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында 1978-жылы түптөлгөн куралсыздануу боюнча Конференциянын аянтчасында эл аралык бир катар негиз салуучу макулдашуулар иштелип чыгып жана кабыл алынган. Ал дүйнө элдеринин коопсуздугун камсыздоого, эл аралык деңгээлдеги чыңалууну жумшартууга жана өзөктүк куралды пайдаланууда мамлекеттер аралык ишенимди бекемдөөгө багытталган. Бул процессте СССР өзгөчө ролду ойногон. Бүгүн ошол багыттагы ишти токтоосуз улантыш керек. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Россия сунуштаган "өзөктүк бештик" болгон өлкөлөрдүн адамзаттын курчуп турган маселелерин чечүү үчүн маңдайлаша отуруп, уюштурулган саммитин өткөрөт деп ишенебиз. Тез арада чечүүнү талап кылган дагы бир маселе бар. Ал — Стратегиялык куралдуу кол салууну чектөө жана кыскартуу чаралары боюнча келишимди (СНВ-3) узартуу", — деген Медведев.

Ал маанилүү бул документти узартуу боюнча позицияларды Россия иштеп чыгып, түзүп койгондугун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости