www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын эң бай адамдары коронавирус пандемиясы учурунда 1,5 триллион доллар пайда көрүштү. Бул акыркы беш жылдагы бардык кирешелерден жогору көрсөткүч. Кытайда байлардын акчасынын тез көбөйүшү, карантин жарыяланган мезгилде онлайн-соодага жана компьютердик оюндарга болгон талаптын өсүшү менен шартталды.

Эң байлардын тизмесин түзгөн Хурун отчетуна ылайык, 2020-жылдын август айына карата Кытайдагы миллиардерлердин саны 257ге чейин көбөйгөн. Учурда өлкөдөгү миллиардерлердин жалпы саны 878ди түзөт.

Alibaba онлайн соода платформасынын негиздөөчүсү Джек Мага Кытайдагы эң бай адамдардын тизмесин дагы бир жолу алдыга койду. Джек Манын байлыгы быйыл 45 пайызга көбөйдү, анын жалпы байлыгы 58,8 миллиард долларды түзөт.

Джек Манын артынан Пони Мага чыккан. Пони Манын байлыгы 57,4 миллиард долларды түзөт. Ал компьютердик оюндардын падышасы. Пандемия учурунда анын акчасы 50 пайызга көбөйгөн.

66 жаштагы Зонг Шаншан дагы 53,7 миллиард доллар менен тизмеде үчүнчү орунда турат. Ал Nongfu бренди менен суу чыгарган компаниянын ээси.

"Дүйнө бир жылдын ичинде мынчалык көп байлыкты көргөн эмес" деди Хурун Репортунун башкы изилдөөчүсү Руперт Хьюверф.

Кыргызстанда салтка айланган көрөалбастык, ыңгай келсе жеп жутмай, Ак үйдү талап-тономой, кызматтан кетсе митинг кылып болсо дагы кайра бийликке келмей, мамлекетке инвестор келсе аларга бут томсой…Кыскасы Кыргызсьтандын ичи учурда чытырман токой, токойдон адашуу оңой!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости