www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Ошто 160 жоокер ант берди

Бүгүн, 24-октябрь күнү, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында 2020-жылдын күз айларында аскердик милдет өтөө үчүн чакырылган 160 жоокер салтанаттуу ант берди. Бул тууралуу аталган кызмат маалымдады.

Белгилей кетсек, ант берген жоокерлер чек ара отряддарында жалпы аскердик даярдыктан өтүшкөн.

Жаш жоокерлер аскердик ант берген соң Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара пункттарына бөлүштүрүлөт.

"Ата Мекендин алдында өзүңөрдүн милдетиңерди татыктуу аткарып, эгемендүү Кыргызстандын чек арасын талыкпай кайтарасыздар деп терең ишенем. Чек ара аскерлери — бул абройлуу аскердик тармак. Ошондуктан сиздерге өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн коргоо жоопкерчилиги жүктөлдү", — деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ильгиз Талипов.

Кошумчалай кетсек, ант берүү аземине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынуу менен бардык санитардык талаптар сакталып, аскер кызматкерлердин жакындары катышкан жок.

В Государственной пограничной службе в Ошской области принесли присягу 160 призывников

В Государственной пограничной службе в Ошской области принесли присягу 160 призывников

В Государственной пограничной службе в Ошской области принесли присягу 160 призывников

В Государственной пограничной службе в Ошской области принесли присягу 160 призывников

Булак: NazarNews.kg

Последние новости