www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Наталья Никитенко Башкы прокуратурадан ИИМдин БШКга карата аракеттерин текшерүүнү өтүнөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал башкы прокурордон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин БШКнын мүчөлөрүнө карата аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерип, укуктук баа берүүнү өтүнөт. Тийиштүү телефонограмманы ал башкы прокурор Курманкул Зулушевге жөнөткөнүн жазды. Анда мыйзамга ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө каршы иш башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн экендиги белгиленген.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин идеалдуу деп айта албай турганын билдирди. "Көптөгөн каталар кетирилген, бүгүнкү күндө Конституцияга, элдин макулдугуна жана ишенимине, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна таянып, аларды мыйзамдуу жол менен оңдоо зарыл", - деп жазды Никитенко.
Булак: NazarNews.kg